ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/16 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

 

       № 6/16 ТОКТОМУ

 

11-июль         2012-жыл                                                                                                                                                                                                                      Нарын шаары

 

                                                                                                              Бейшебаева Жанымгүлгө Нарын шаарынын                                                                                                                               «Ардактуу атуулу»наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Бейшебаева Жанымгүл 1954-жылы 1-январда Кочкор районуна караштуу Чолпон совхозунун Ара Көл айылында туулган.1971-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоо  бөлүмүнө тапшырып,1975-жылы ийгиликтүү аяктаган.Алгачкы эмгек жолун Кочкор селосундагы №1-бала бакчада тарбиячы болуп иштөө менен баштаган.1976-жылы Нарын шаарына келип эмгек жолун шаарыбыздагы бала бакчаларда тарбиячы болуп иштөө менен уланткан. 1987-жылы №15-«Бактылуу балалык» бала бакчасында методист,андан соң ушул эле бала бакчанын башчысы болуп бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келүүдө.Шаарыбыздагы  бала бакчалардын алдыңкысы болгон «Бактылуу балалык  бала бакчасынын гүлдөп өсүшүнө жана Республикалык деңгээлге жетишине Ж.Бейшебаеванын эмгеги, салымы зор. Жогорудагы эмгектерин баалап. Бир нече жолу «Ардак Грамоталар»менен сыйланган.Шаардык мэриянын «Ардак тактасына»сүрөтү орун алган.

            Жанымгүл Бейшебаевага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулук» наамын ыйгаруу боюнча №15-«Бактылуу балалык» бала бакчасынын эмгек жамаатынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                          

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоодо жана билим берүүдө бала бакчанын гүлдөп — өсүшүнө кошкон зор салымдары үчүн Бейшебаева Жанымгүлгө Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»  наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык,  Бейшебаева Жанымгүлгө атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

 

 

                 Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

           төрагасы                                                                                    А.Көкөтаев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,шаардык архитектурага,ММДга, «Таза Нарын» ишканасына, Ж.Бейшебаевага

Обсуждение закрыто.