ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын айрым обьектилерин Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансасына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаарында жайгашкан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын мурунку урология, травматология,жугуштуу оорулар ( инфекция) бөлүмдөрүнүн имараттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кещешинин 25-апрель 2012-жылдагы №1877- V токтомунун, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы №143 токтомуна ылайык 2012-2014-жылдардын мамлекеттик менчиктештирүү (приватизация) программасына кирген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кещешинин токтомунун 2-пункутуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бул обьектилерди муниципалдык менчикке кабыл алууга сунуш кылуу боюнча тапшырма берилген. Нарын шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2012-жылдын 29-майында №01-1674 чыгыш каты менен жергиликтүү маанидеги социалдык маселелерди чечүүгө карата жогорудагы аты аталган обьекттерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө сунуш каты менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кещешинин 25-апрель 2012-жылдагы №1877- V токтомунун Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине,Кыргыз Республикасында «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 29-май 2012-жылдагы №01-1674-Нарын шаардык муниципалдык департаментинин 2-июль 2012-жылдагы №03