ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XXIV СЕССИЯСЫНЫН №6/21 ТОКТОМУ

shapka-toktom

 ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

                           XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ     XXIV СЕССИЯСЫНЫН

                                        

                                                                №6/21 ТОКТОМУ                                                                             

 

                                               11-июль  2011-жыл                                                                                                        Нарын  шаары

 

 

 

                                                                                                                                                                   

 

 

 Аманов Жумабекке Нарын шаарынын

 

                                                                                                                         «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө  

Аманов Жумабек 1934-жылы 8-майда Кочкор районунун Ак-Кудук айылында туулган.Кичинесинен ата-энесинен ажырап балалык күндөрү Кочкор балдар үйүндө өткөн.1951-жылы балдар үйү жабылып Ж.Аманов эмгек жолун 1952-жылы Кыргыз взрывпромдун №2 участкасында компрессорңик  болуп иштөө менен баштаган.

1959-1971-жылдары Тянь-Шань райондук айыл чарба техникасында бульдозер айдоодон баштап, склад башчысы жана ушул тармак боюнча инженер болууга жетишкен.1971-1972-жылдары  Нарын облустук айыл чарба техникасына инженер-экономист кызматына которулган.1972-жылдан эс алуу курагына чейинТянь -Шань районундагы  РДСУ мекемесине  которулуп, ал жерде прораб, улуу мастер, башкы инженер 1972-жылы ушул эле мекемеде 19995-жылга чейин  начальник болуп эмгектенген.Фрунзедеги автодорожный техникумунун жол курулуш бөлүмүн 1966-1967-жылдары бүтүргөн.1984-жылы Тянь-Шань райондук аткаруу комитетинин чечими менен «Эмгек ардагери» төш белгисин алган.Коомдук иштерге  активдүү катышып профкомдун төрагсы, партиялык уюмдун секретары,Тянь-Шань райкомунун Партиялык комиссиясыын мүчөсү болгон. Тянь-Шань райондук сотунун Эл сотунун Элдик заседатели болуп шайланган.Азыркы учурда Нарын шаардык Аксакалдар сотунун төрагасы.Үй бүлөлүү,  төрт баланы тарбиялап өстүргөн.

            Жумабек Амановдун эмгегин баалап, шаарыбыздын калыс, кадырман карысы катары туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

            

                                                        ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Тянь-Шань РДСУ мекемесин 18 жыл жетектеп, шаардын өнүгүшүнө кошкон салымын, Аксакалдар сотунун төрагасы катары адилетттүү чечимдерин чыгаруу менен, элге жазаган калыс иштери үчүн Аманов Жумабекке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу  атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

 

  1. Жобого ылайык  Аманов Жумабекке атайын жазалган үлгүдөгү  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы  жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

         төрагасы                                                                                               А.Көкөтаев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссяга, Ж.Амановго

Обсуждение закрыто.