ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН № 5 /1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                                    

   XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXVI СЕССИЯСЫНЫ

      №    5 /1  ТОКТОМУ

15-октябрь 2012-жыл                                                                                                                                                                    Нарын шаары 

                                                        

   11-апрель  2012-жылдагы  Нарын шаардык Кеңешинин XXIII сессиясынын №2/2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин айрым статяларына өзгөртүү киргизүү  жана 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө. 

 

 Нарын шаардык Кеңешине шаардык финансы бөлүмү  шаардык Кеңешке 2-октябрь 2012-жылы №02/130, 9-октябрь 2012-жылы №02/114 сунуш каттары менен кайрылып,  шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында төмөндөгү маселелерди карап, чечип берүү боюнча  өтүнүч кат менен кайрылган.Алсак,

 

·         Нарын шаарында бакча жашындагы балдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу шаарыбыздын  РТС, Ак-Коргон аймактарындагы  №16 «Ынтымак» бала бакчасына кошумча эки  тайпа, №18 «Ак-Дил» бала бакчасына кошумча бир  тайпа ачууну жана ачылган тайпаларга   берилген шттаттык бирдиктерди  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык Мыйзамдаштыруу:

·         Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө  атайын келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып келген  МАИнин  эмгек акысы Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткандыгына байланыштуу, жыл башында бекиген акча каражатын шаардык ИИБнүн кайрылуу катына ылайык «ар кандай чыгымдар » статясына которууга макулдук берүү : 

·          Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатына 3070,0 сом акча каражатын кошумча план бекитүүнү:

·         Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине  «Хан-Тоо» ЖЧКнун карызын жоюууга карата Нарын райондор аралык сотунун 11.09.2012-жылдагы №ЭД-178/12-МН чечимин аткарууга акча каражатын чечип берүү:

·         Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн 2415,0 сом акча каражатын,  каражат сурап кайрылган шаардык мекемелердин  муктаждыктарына жараша бөлүп берүү:

 

      «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндөгү» Мыйзамдарынын, туруктуу комиссиянын протоколдорунун жана шаардык финансы бөлүмүнүн сунуш каттарынын негизинде    депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                                               ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Нарын шаарында бакча жашындагы балдардын саны өсүп жаткандыктан,  шаарыбыздын  РТС, Ак-Коргон аймактарындагы  №16 «Ынтымак» бала бакчасына кошумча эки  тайпа, №18 «Ак-Дил» бала бакчасына кошумча бир  тайпа ачылгандыгына байланыштуу,  ачылган тайпаларга каралуучу акча каражаттарын  жана   шттаттык бирдиктерин   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык Мыйзамдаштыруу шаардык билим берүү бөлүмүнө (А.Ашыралиева) жана шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) милдеттендирилсин.

 

2. 11-апрель 2012-жылдагы Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXV  чакырылыштагы XXIII сессиясынын №2 токтомунун 4 пункутуна өзгөртүү киргизилип, Нарын шаардык ИИБнүн «ар кандай чыгымдар» статясына 119,4 миң сом акча каражаты каралсын.

Шаардык ички иштер бөлүмүнө 119,4 сом акча каражатын өз убагында каржылоо  жагы шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов), ал эми бөлүнгөн акча каражатын  Мыйзам чегинде пайдалануу шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев) тапшырылсын.

 

3.11-апрель 2012-жылдагы Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXV  чакырылыштагы XXIII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү «атайын каражаттын»  планына  кошумча 3070,0 миң сом акча каражаты    бекитилсин.

( №1 тиркеме тиркелет)

 

4. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн 2380,0 сом акча каражаты,  каражат сурап кайрылган шаардык мекемелердин  муктаждыктарына жараша  бөлүнүп берилсин. (№2 тиркеме тиркелет)

 

5. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти «Хан-Тоо» ЖЧКнун карызын жоюууга карата Нарын райондор аралык сотунун 11.09.2012-жылдагы №ЭД-178/12-МН чечимин аткаруу же өндүрүлүүчү акча каражатын төлөө, шаардык муниципалдык менчик департаменти (Н.Максуталиев)  тарабынан «Жер сатуудан» түшүүчү каражаттан берилген пландан ашыкча түшкөн , же 2012-жылда бекителген сметасындагы  үнөмдөлгөн (экономия болгон ) каражаттардын  эсебинен төлөнүп берилсин.

 

6.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетине 2012-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча түшөн каражаттан жергиликтүү жамааттар күнүнө карата Нарын шаардык Кеңешинин жана шаардык мэриянын кызматкерлерин сыйлоо  үчүн 62000 (алтымыш эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге жана шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Урустемовго милдеттендирилсин.

 

            Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

           төрагасы                                                                                          А.Көкөтаев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.