ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕЩЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6\5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕЩЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН     

 

                 № 6/5  ТОКТОМУ

 

                                       11-июль 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

               Жусаев Муса Токоновичке  Нарын шаарынын       «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  жөнүндө

 

 

            Жусаев Муса Токонович 1965-жылы 26-октябрда Нарын шаарында туулган.

1972-1980-жылдары Нарын шаарындагы  Киров атындагы орто мектебинде окуп, 1983-жылы кесипчилик техникалык окуу жайдын  «таш кыноочу»  кесибин аяктаган.1983-1985-жылдары Новосибирск шаарында аскердик кызматын өтөгөн.

Эмгек жолун 1986-1987-жылдары МЖС мекемесинде айдоочу болуп иштөө менен баштап, 1987- 2000-жылдары өрт коопсуздук кызматында ага прапорщик, айдоочулардын командири болуп эмгектенген.

2000-жылдан баштап жеке ишкер катары эмгектенип, 2007-жылга чейин Нарын-Торугарт атожолунда оор жүк ташуучу автоунааларды коштоочу ( сапровожденияда) иштеген.

2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин  «Кербен» ЖЧКда  генералдык директор кызматында эмгектенип келүүдө.

Муса Токонович жеке ишкер катары Нарын шаарынын экономикалык өнүгүшүнө өз салымын кошуп 2009-жылы шаарыбыздын 64 аймагындагы Ж.Пудовкин скверин 500,0 мищ сомго, 2010-жылы Московкий чөлкөмүндө балдар ойноочу оюн-зоок аянтчасын  жалпы аянты 225 квметр жер аянтын 250,0 мищ сомго жазаткан жана ушул эле чөлкөмдүн Зоярко көчөсүнө 20,0 мищ сомго 350 метр жерге таза суу чыгаруучу  суу түтүктөрүн  сатып берген.

Жусаев Муса  жетектеген «Кербен» ЖЧКу 2008-2012-жылдары мамлекетке 7млн.800 мищ сомдон ашык салык төлөп, шаардык социалдык фондко 350,0 мищ сом, Нарын облустук өнүктүрүү фондуна 1млн. 150 мищ сом акча каражатын которгон.+з каражаты менен Нарын шаарындагы жалгыз бой кары адамдарга, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга, мындан сырткары 1-июнь балдар күнүнө карата демөөрчүлүк көрсөтүп материалдык жардам  көрсөтүп келүүдө.

 

Жогорудагы көрсөтүлгөн материалдык колдоолору жана ар кандай иш чараларга патироттук сезим менен  демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Муса Токонович Нарын шаардык мэриясынын  «Ыраазычылык каттары»  жана Нарын мэриясынын,  шаардык  Кещештин «Ардак Грамоталары», өрт коопсуздук кызматынын «Грамотасы» ошондой эле Авганистан ветерандарынын Россиялык Союзунун Ата мекенге көрсөткөн кызматы үчүн « Каармандыгы үчүн», Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин «+рткө каршы мамлекеттик кызматына  85жыл»,   Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин  «+рттөн сактоо кызматынын мыкты кызматкери» төш белгилери менен сыйланган.

Жусаев Мусага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү «Кербен» ЖЧКнын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын  протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кещешинин сессиясы

 

                                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Нарын шаарынын экономикалык өнүгүшүнө  кошкон  салымы үчүн Муса     Жусаевге Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан,  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы  ыйгарылсын.

 

  1. Жобого ылайык Жусаев Мусага  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

        Депутаттардын

Нарын  шаардык Кеңешинин

 

 

          төрагасы                                                                             А.Көкөтаев

_____________________________________________________________________________

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектурага, «Таза Нарын» ишканасына,  ММДга, Жусаев Мусага

Обсуждение закрыто.