ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕЩЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/ 19 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН               

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

 

                       № 6/ 19 ТОКТОМУ

 

                                              11-июль 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

                                                                                                                                                     Керимбаев Токтобекке Нарын шаарынын                                                                                                                                                        «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

              Керимбаев Токтобек 1942-жылы 12- майда Нарын районуна караштуу Эмгек Талаа айылында кызматчынын үйц бүлөсүндө туулган. Нарын районундагы Куланак орто мектебин аяктаган соң Фрунзе шаарындагы финансы-экономикалык техникумуна тапшырып, 1961-жылы аяктаган.1973-78-жылы КМУнун экономика факультетинде окуп,  экономист кесибине ээ болгон.1961-1962-жылдары Нарын районунун Жаңы- Талап колхозунда бухгалтер болуп иштеп,1963-1966-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1967-1973-жылдары Нарын райондук айыл чарба башкармалыгында экономист, текшерүүчү, бухгалтердик кызматтарда жана ушул эле райондун «8-март»колхозунда башкы бухгалтер  болуп иштеген.1973-1977-жылдары Нарын райондук партия комитетинде инструктор жана Нарын районунун Жаңы-Талап колхозунда партия комитетинин төрагасы болуп шайланган.1977-1981-жылдары Нарын райондук керек-жарак коомунун башкармасынын төрагасы болуп эмгектенген.1992-1998-жылдары Нарын шаардык салык инспекциясынын башчысы, 1998-2000-жылдары Нарын облустук салык инспекциясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы 2000-2006-жылдары  Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин алдындагы экономика өнүктүрүү мамлекеттик фондусунун Нарын облустук өкүлүнүн башчысы болуп эмгектенген.

            Токтобек Керимбаев иштеги  эмгектери үчүн СССР Жогорку Советинин Указы менен « Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Айыл чарба министрлигинин, Каржы министрлигинин  «Ардак Грамоталары» менен сыйланган.2003-жылы «Мыкты финансист»наамына ээ болгон. Райондук Кеңешке 3 жолу депутат болуп шайланган.

           Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы, салык кызматынын 1-класстагы Кеңешчиси. Нарын райцонунун «Ардактуу атуулу».

            Керимбаев Токтобекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»наамын ыйгаруу жөнүндөгү КРнын Каржы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүнүн мамлекеттик фондусунун Нарын райондор аралык бөлүмүнүн сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Салык кызматында жана финансы тармагындагы үзүрлүү эмгектери жана ийгиликтери үчүн Керимбаев Токтобекке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу  атуулу» наамы ыйгарылсын.

 


2.      Жобого ылайык, Керимбаев Токтобекке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.


  


 


 


 

           Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

           төрагасы                                                                               А.Көкөтаев

_______________________________________________________________________

         Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,шаардык мэрияга,шаардык архитектурага,ММДга,  «Таза Нарын» ишканасына,  Т.Керимбаевге.

Обсуждение закрыто.