Нарын шаардык Кеңешинин
28-февраль 2014-жылдагы XXVI чакырылыштагы X I сессиясынын №3 токтомуна тиркеме
Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылга карата иш планы
№ |
Каралуучу маселелердин мазмууну |
Материалдарды даярдоого жоопту мекемелер жана туруктуу комиссиялар |
|
I-КВАРТАЛ |
|||
1. |
Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылга карата иш планын бекитүү |
Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары, шаардык Кеңештин аппараты
|
|
2.
|
Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, Нарын облусунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгу жана шаар элине кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө |
«Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты |
|
3. |
Нарын шаарындагы парктардагы бак дарактарга, жашыл аянттарга зыян келтирген шаар тургундарынын малдарына айып акы салуунун тарифин бекитүү |
«Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты, шаардык жашылдандыруу мекемеси
|
|
4. |
Шаар элин паспорт менен камсыз кылууда Нарын шаардык жана райондук паспорттук визалык калкты каттоо бөлүмүнүн аткарып жаткан иштерин кароо |
«Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты
|
|
5. |
Нарын шаарындагы бала –бакчалардын балдарга окуу тарбия берүүдө аткарып жаткан иштери жана шаардын орто мектептериндеги 1-4-класстарга чейинки окуучуларга , бала бакчадагы балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, санитардык абалдын сакталышы |
“Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиялары, шаардык мэрия, шаардык Кеңештин аппараты |
|
6 |
Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин 2013-жыл ичиндеги жүргүзгөн иштери жөнүндө отчетун угуу |
Нарын шаардык мэриясы
|
|
7 |
а).Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын угуу жана талкуулоо; б).2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2015-2016-жылдардын жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо жана бекитүү |
«Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы, Нарын шаардык финансы бөлүмү, Нарын шаардык салык башкармалыгы, шаардык Кеңештин аппараты |
|
II КВАРТАЛ |
|||
1 |
2014-жылга карата Нарын шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө, арыктарды ирээтке келтирүүдө шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан аткарылып жаткан жана аткарылуучу иштери жөнүндө
|
«Муниципалдык менчик, жер , турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы. Шаардык Кеңештин аппараты
|
|
2 |
Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө |
«Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты
|
|
3 |
Нарын шаарын көрктөндүрүүдө, тазалоодо, шаар элинин таштандылар үчүн жыйымдарын чогултууда муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө |
«Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы. Шаардык Кеңештин аппараты |
|
4 |
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жана Нарын облустук үй бүлөлүк медициналык борборунун шаардын элин медициналык жактан тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө |
«Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча»туруктуу комиссиясы, шаардык мэрия, шаардык Кеңештин аппараты |
|
5 |
Нарын шаардык Кеңешинин 2013-жыл ичинде кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
|
Нарын шаардык мэриясы, шаардык мекемелер, шаардык Кеңештин аппараты |
|
III- КВАРТАЛ |
|||
1 |
Нарын шаарындагы жумушсуз статусуналган жарандарды иш менен камсыз кылууда Нарын шаардык-райондук жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери. |
«Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты |
|
2 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК- ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Нарын райондук жана шаардык бөлүмүнүн иштери |
«Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү» боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты. |
|
3 |
2014-2015-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө Нарын шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө |
«Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт боюнча» туруктуу комиссиясы. Шаардык Кеңештин аппараты. |
|
4 |
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин жарым жылдык планынын аткарылышы жөнүндө |
«Бюджет, финансы жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясы, Нарын шаардык финансы бөлүмү, Нарын шаардык салык башкармалыгы, шаардык Кеңештин аппараты |
|
5 |
Нарын шаарындагы суу канал ишканасынын ишмердүүлүгүн кароо жана таза суу үчүн чогултулуучу жыйымдын аткарылышы жөнүндө |
«Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура жана курулуш, отун, энергетика, транспорт боюнча» туруктуу комиссиясы. Шаардык Кеңештин аппараты. |
|
6 |
Нарын шаардык билим берүү болүмүнө караштуу спорт мектептеринин жана шаардык спорт бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнундө |
«Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты |
|
7 |
Нарын шаардык Кеңешине шаардын көчөлөрүнө ысым берүү жана Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча кайрылган жарандардын сунуштарын кароо. |
«Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссиясы
|
|
IV-КВАРТАЛ |
|||
1 |
Мамлекеттик пособияларды чектөөдө, даректүү колдоо көрсөтүүдө, паспорттоштурууда, айрыкча калктын аярлуу катмарын тейлөөдө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын аткарып жаткан иштери |
«Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты |
|
2 |
Нарын шаарында айдоочуларга айдоочулук күбөлүк берүүдө Нарын облустук
транспортту жана айдоо курамын каттоо бөлүмүнүн (РЭО ГАИ) аткарып жаткан иштери жөнундө |
Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы
күрөшүү» боюнча туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты. |
|
3 |
Нарын шаарында мекемелерге, көчөлөргө ат берүүдө Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорунда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын кароо жөнүндө |
«Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссиясы, Нарын шаардык Кеңеши
|
|
Практикалык иштер
|
|||
1. |
Нарын шаардык Кеңешине жана депутаттарга келип түшкөн арыз, даттануулар менен кайрылган жарандын арыздарын жеринде карап чечүү |
Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты.
|
|
2. |
Нарын шаарынын тургундары, мекеме ишканалар менен биргеликте бюджеттик угуу өткөрүү |
Шаардык Кеңештин депутаттары, шаардык мэрия, шаардык Кеңештин аппараты |
|
3. |
Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардык Кеңештин депутаттарынын, фракциялардын иштерин чагылдырырып туруу |
Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты.
|
|
4. |
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктууу комиссиялардын башка шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иши боюнча тажырыйба алмашуусун уюштуруу |
Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты |
|
5. |
Нарын шаарынын тазалыгына, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине катышуу, шаардын тазалыгы үчүн атайын ишембиликтерди уюштуруу, питомниктердин, парктардын, скверлердин абалына көзөмөлдүк кылуу |
Шаардык Кеңештин депутаттары , Кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар.
|
|
6. |
Нарын шаардык Кеңешинин фракцияларынын депутаттарынын эл менен менен жолугушууларын уюштуруу |
Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты, шаардык мэрия |
|
7. |
Туруктуу комиссияларынын иш пландарын тартипке келтирүү жана заседаниелерин өз денгээлинде өткөрүп туруу |
Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары, Кеңештин аппараты. |
|
8. |
Шаардык Кеңештин депуттаттарына берилген наказдардын аткарылышы боюнча сессияда билдирүү жазап туруу |
Шаардык Кеңештин депутаттары, шаардык Кеңештин аппараты |
|
9. |
Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жана мекеме ишканаларга өз учурунда жеткирилишин камсыз кылуу |
Шаардык Кеңешинин аппараты |
|
10. |
Шаардын атуулдарынан жана мекеме-ишканалардан келип түшкөн арыздардын, каттардын өз учурунда жооп берилишин камсыз кылуу |
Шаардык Кеңештин аппараты |
|
11. |
Нарын шаарындагы жаштар уюмдарынын алып барып жаткан иштери менен жеринде таанышуу, депутаттар жана жаштардын катышуусунда тегерек стол өткөрүү |
«Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты
|
|
12. |
2014-жыл мамлекетти бекемдөө жылына карата Нарын шардык Кеңешинин кубогуна арналган спорт оюндарын өткөрүү |
Нарын шаардык Кеңешинин аппараты, шаардык спорт бөлүмү |
|
Нарын шаардык Кеңешинин
аппарат жетекчиси А.АБДЫКЕРИМОВ