НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIII СЕССИЯСЫНЫН №5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ   ХХIII  СЕССИЯСЫНЫН

№5 ТОКТОМУ

17-июнь     2015-жыл                                                                                                            Нарын    шаары                      

   Нарын шаардык Кеңешине кызматтык жеңил автоунаасын сатып алууга                макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Оторбаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Жээнбековго Нарын шаардык Кеңешине кызматтык жеңил автоунасын сатып алууга макулдук алуу үчүн 2015-жылдын 24-февралында №01/33 сандуу кат жөнөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Жергиликтүү өз алдынча  башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентиги” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык бул маселени чечүү шаардык Кеңештин компетенциясына кире тургандыгын жана шаардык Кеңештин социалдык фондго жана башка салык төлөө түрлөрү боюнча карызы болбосо, жергиликтүү маселелерди  чечүү үчүн кызматтык пайдалануудагы автоунааны жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык Кеңештин чечими менен сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген каттын жообу 17-март 2015-жылдагы №01-32 9 чыгыш кат менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасына жиберген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлгөн каттын жообунун негизинде Нарын шаардык Кеңешине кызматтык жеңил автоунаасын сатып алуу жөнүндөгү маселеси 26-март 2015-жылдагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып,  жеңил автоунаасын сатып алууга макулдук алуу жана акча каражатын карап чечүү маселеси комиссиянын №26 Протоколунун чечими менен шаардык Кеңештин сессиясынын  кароосуна  сунушталган.

Жогорудагыларды жана шаардык Кеңештин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимин шаардык Кеңештин сессияга катышкан депутаттары талкуулап   Нарын шаардык Кеңештин сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этносдор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин” 17-март 2015-жылдагы №01-32/129чу сандуу катына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31- беренесине ылайык Нарын шаардык Кеңешине кызматтык жеңил автоунасын сатып алууга макулдук берилсин.

2.Нарын шаардык Кеңешинин кызматтык автоунасын сатып алууга шаардык бюджеттин экономикалык чыгымдар статьясынан 490,0 миң сом  акча-каражатын карап чечүү жагы сессиянын атынан “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                  Э.Турсуналиев Каттоо№2015-22

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, тиешелүү туруктуу комиссияларга, шаардык финансы бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.