НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН  IV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ              КЕЗЕКТЕГИ    I СЕССИЯСЫНЫН        № 2  ТОКТОМУ

10-январь  2017-жыл                                                                                                                         Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү» Мыйзамынын 37-беренесине жана Нарын шаардык Кеңешине Регламентине   ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирген эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы  № 1,2 протоколунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө  Нарын  шаардык Кеңешинин I V чакырылыштагы   биринчи (уюштуруу) сессиясындагы  эсептөө комиссиясынын отурумунун №1, 2 протоколдору бекитилсин.(протоколдор тиркелет)
  2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп,   «Биримдик» фракциялардын коалициясынан   «Кыргызстан социал- демократиялык партиясы » саясий  партиясынын депутаты  Ботоканов Жыргалбек Садыкович шаардык Кеңештин биринчи уюштуруу сессиясына катышкан 30 депутатынын  29 (жыйрма тогузунун) добушун алгандыгына байланыштуу,     Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

          Сессиянын  төрагасы                                                                           Н.Өмүракунов                                           

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына

 

Добавить комментарий