НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ
10-январь 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 37-беренесине жана Нарын шаардык Кеңешине Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирген эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 1,2 протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин I V чакырылыштагы биринчи (уюштуруу) сессиясындагы эсептөө комиссиясынын отурумунун №1, 2 протоколдору бекитилсин.(протоколдор тиркелет)
- Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп, «Биримдик» фракциялардын коалициясынан «Кыргызстан социал- демократиялык партиясы » саясий партиясынын депутаты Ботоканов Жыргалбек Садыкович шаардык Кеңештин биринчи уюштуруу сессиясына катышкан 30 депутатынын 29 (жыйрма тогузунун) добушун алгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Сессиянын төрагасы Н.Өмүракунов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына