НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VI СЕССИЯСЫНЫН № 5\1 ТОКТОМУ

shapka-toktom            НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  VI СЕССИЯСЫНЫН                                                                                               № 5\1 ТОКТОМУ                                                               

6-апрель 2017-жыл                                                                                  Нарын шаары

Нарын шаарынын 2016-жылдын  жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

             Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик кодексинин» жана   Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алынып,  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

                                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1.  Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)

              2. Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген                                   экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун                     негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 8564,3 миң сом акча каражаты                  бекитилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет) .

  1. Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин буйруктары менен берилген 998,2   миң сом акча каражаты бекитилсин.                     (№3 тиркеме тикелет).

  1. Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

_________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга , туруктуу комиссияга,  Нарын шаардык мэрияга,Кыргыз  Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.

 

Добавить комментарий