НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VI СЕССИЯСЫНЫН № 5\1 ТОКТОМУ
6-апрель 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алынып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)
2. Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 8564,3 миң сом акча каражаты бекитилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет) .
- Нарын шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин буйруктары менен берилген 998,2 миң сом акча каражаты бекитилсин. (№3 тиркеме тикелет).
- Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
_________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга , туруктуу комиссияга, Нарын шаардык мэрияга,Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.