НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 12 ТОКТОМУ
21-май 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин ХХIV чакырылыштагы 30-январь 2008-жылдагы ХХIII сессиясынын 14-токтому менен бекиген Нарын шаардык муниципалитеттин Уставын күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Нарын шаарынын жергиликтүү жамаатынын учурдагы жаңы Уставын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын нормаларына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 4-март 2014-жылдагы №01-24/19-буйругу менен бекитилген жергиликтүү жамааттын типтүү Уставына жана башка Кыргыз Республикасынын нормативдик –укуктук актларына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин 3-пунктуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин 30-январь 2008-жылдагы ХХIV чакырылыштагы 30-январь 2008-жылдагы ХХIII сессиясынын 14-токтому менен бекитилген Нарын шаардык муниципалитеттин жаңы Уставы күчүн жоготту деп таанылсын.
- Жергиликтүү жамааттын жаңы Уставын иштеп чыгуу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга;