НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН № ­­­­­1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН

№ ­­­­­1 ТОКТОМУ

 

21- май 2019-жыл                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

 

Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы  борбордук аянтты
реконструкциялоого
макулдук берүү жөнүндө

 

4-декабрь 2014-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI  чакырылыштагы кезектеги XIX сессиясынын № 6-токтому менен  Нарын шаарындагы борбордук аянтка мамлекеттик жана коомдук ишмер Т.Усубалиевдин ысымы берилген. 2019-жылдын күз айларында залкар инсандын 100 жылдыгы белгиленгени турат.

Шаардын борбордук аянты 1998-жылдан бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес.  Шаардын ичин көрктөндүрүүдө  борбордук  аянт реконструкциялоо иштерине өтө муктаж.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, “Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчикже ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө”Жобонун, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин, “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиянын чечиминин негизинде,  Нарын шаардык мэриясынын Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтын реконструкциялоо боюнча сунуш катын карап жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Турдакун Усубалиев атындагы шаардын борбордук аянты толугу менен реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
  1. Борбордук аянттын түзүлгөн долбоордук сметалык иш кагазын (ПСД), ага жумшалуучу курулуш материалдарынын сапатын жана бааларын кайрадан тактап чыгуу Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө тийиштүү иш кагаздарын  тактоо жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга, Нарын регионалдык шааркурулуш башкармалыгына.


 

Добавить комментарий