НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХVII СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ  ХХVII  СЕССИЯСЫНЫН  

4 ТОКТОМУ

 21 — ноябрь  2019-жыл                                                                                                                                                       Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-главасынын 6-бөлүмүнө жана айрым фракциялардын сунуш каттарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 21-май 2019-жылдагы IVчакырылыштагы XXIII сессиясынын №7-токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   туруктуу комиссияларынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
  • “Өнүгүү-Прогресс”фракциясынын депутаты Иманкулов Адилет Кайратбекович Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы кезектеги XXIV сессиясынын 2-июль 2019-жылдагы №1 токтому менен төраганын орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу, “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;
  • “Өнүгүү-Прогресс”фракциясынын сунуш катынын негизинде депутат Өмүрканов Азамат Аскербекович “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин;
  • “Кыргызстан” фракциясынын сунуш катынын негизинде депутат Жолдошбеков Максат Жолдубаевич “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынан чыгарылып, “Мыйзамдуулук, укук тартиби,  коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссияга киргизилсин;
  •  “Кыргызстан” фракциясынын сунуш катынын негизинде депутат Таалайбеков Жолдошбек Таалайбекович “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына киргизилсин;
  •  “Республика Ата-Журт” фракциясынын сунушуна ылайык “Республика Ата-Журт” фракциясынын  депутаты Таалайбек уулу Камчыбек өз арызынын негизинде депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • “Республика Ата-Журт” фракциясынын сунушунун  негизинде Жакыпов Рысбек Шаршенбекович депутаттык мандатын алгандыгына байланыштуу,  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссияга киргизилсин;
  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамы тиркемеге (тиркелет) ылайык бекитилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, фракцияларга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.

 

Тиркеме

Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары                                                                     

 

1.          Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясы
1 Сопакунов Уланбек Монолдорович -“Республика-Ата Журт” фракциясынан төрагасы    
2 Мукамбетов Сталбек Бейшебаевич “КСДП” фракциясынан орун басары    
3 Усубалиев Бакытбек Дюшекович-“Ала-Тоо Ынтымагы” фракциясынан катчысы    
4 Таалайбеков Жолдошбек Таалайбекович-«Кыргызстан» фракциясынан мүчөсү    
5 Кубатбеков Сади Кубатбекович- “КСДП” фракциясынан мүчөсү    
6 Бошубеков Сүйүнбек Карыбекович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан мүчөсү    
2.       Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
1 Сакыбаев Майрамбек Сыдыкович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан төрагасы    
2 Мамытканов Жыргалбек Шамшыбекович -«КСДП» фракциясынан катчысы    
3 Жумаканов Мустафа Бейшебаевич -«Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан

 

мүчөсү    
4 Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич -«Республика — Ата Журт» фракциясынан мүчөсү    
5 Шадыманов Бек Медетбекович -«Кыргызстан» фракциясынан мүчөсү    
6 Жумакадырова Назира Мамытовна “КСДП” фракциясынан мүчөсү    
3. Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясы
1  Аскарбеков Айбек Аскарбекович -“КСДП”  фракциясынан төрагасы    
2 Мусаев Азиз Абдышукурович «Ала- Тоо ынтымагы» фракциясынан мүчөсү    
3 Казиева Элмира Муктаровна -“Республика Ата-Журт” фракциясынан катчысы    
4 Өмүрканов Азамат Аскербекович Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан         мүчөсү    
5 Мидинова Назира Төлөмүшовна-«КСДП» фракциясынан мүчөсү    
4. Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу  боюнча туруктуу комиссиясы
1 Бердикожоева Анара Кадыровна — «Кыргызстан» фракциясынан төрагасы    
2 Абдыкеримов Бакытбек Намазбекович-« КСДП»  фракциясынан орун басары    
3 Чоробек кызы Айзат-«Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан катчысы    
4 Жакыпов Рысбек Шаршенбекович  -« Республика Ата-Журт» фракциясынан мүчөсү    
5 Сыдыгалиев Максат Кумарбекович -« КСДП » фракциясынан мүчөсү    
6        
5.Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы
1 Токошев Айбек Муратбекович- -«Ала- Тоо ынтымагы» фракциясынан торагасы    
2 Ибраимова Ырысбүбү  -«КСДП» фракциясынан мүчөсү    
3 Байышов Камчыбек Байышович-«КСДП» фракциясынан мүчөсү    
4 Адиев Рахат Нурдинович «КСДП» фракциясынан мүчөсү    
5 Жолдошбеков Максат Жолдубаевич-“Кыргызстан” фракциясынан мүчөсү    
6. Зайдинов Дастан Арыстанбекович-“Республика-Ата журт”фракциясынан мүчөсү    

 

 

Жооптуу катчы                                                                                                                                                                  А.Абдыкеримов

 

 

 

Добавить комментарий