НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXVII СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXVII СЕССИЯСЫНЫН

3 ТОКТОМУ

21 — ноябрь  2019-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, Нарын шаарынын жергиликтүү жамаатынын ар бир чөлкөмдө өткөн элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындардагы жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарды эске алып, Нарын шаардык Кенешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,  Нарын шаардык  Кенешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү жамаатынын  Уставы тиркемеге (тиркелет) ылайык бекитилсин.
  2. Нарын шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын расмий веб-сайттарына жарыялансын.
  3. Нарын шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  юстиция башкармалыгына.

 

3-токтомго_тиркеме_Нарын шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы

 

Добавить комментарий