НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХXVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
27- декабрь 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2040 — жылдарга чейинки башкы планынын Концепциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамдарына, КР Өкмөтүнүн “2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” №490 токтомуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шаар куруудагы узак мөөнөттүү экономикалык натыйжалуулукту жана коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана баалуу тарыхый-маданий мурастарды коргоону, ошондой эле коомдук жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу максатында, Нарын облусунун борбору Нарын шаарынын жана аны курчап турган четиндеги аймактарды өнүктүрүүнүн стратегиясын аныктоо үчүн шаардын башкы планы боюнча “Муниципалдык менчик жер, турак-жай коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик курулуш агенттигинин “Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту” тарабынан иштелип чыккан “Нарын шаарынын 2040-жылдарга чейинки башкы планынын Концепциясы” кабыл алынсын.
- “Нарын шаарынын 2040-жылдарга чейинки башкы планынын Концепциясынын” материалдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн макулдугун алууга жөнөтүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Нарын шаарынын башкы планынын долбоорунун 2 – этабын бүткөрүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, мамдолбоорлоо институтуна.