НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХXIX СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
31-декабрь 2019-жыл Нарын шаары
Нарын суу-канал ишканасынын директору кызмат ордуна Эсеналиев Сарбагыш Абдраевичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пунктчасына, 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Нарын шаарынын мэри Н.А.Молдокадыровдун сунушунун жана сессияга катышкан жалпы депутаттардын добуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Нарын суу-канал ишканасынын директору кызмат ордуна Эсеналиев Сарбагыш Абраевичти дайындоого макулдук берилсин.
- Токтомду аткаруу жана Нарын суу-канал ишканасынын директору Эсеналиев Сарбагыш Абраевичти дайындоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэри Н.А.Молдокадыровго тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына.