НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 3 ТОКТОМУ

 

  6-ноябрь  2020-жыл                                                                                                                                                                             Нарын шаары

 

Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

                    Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана  Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошкон эмгектерин эске алып, 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
  • Абыкеев Жолдошбек Шаршеевич;
  • Акиев Мирбек Илиязович;
  • Жутабаева Калыйча;
  • Мамбетова Кенжегүл Абдышовна ;
  • Усупова Нурайым Жоомартовна;
  • Турганбаева Гүлзат Турдакуновна;
  • Токтокадырова Арсар;
  • Эсеналиев Айтбек Элтуйбасович.
  1. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, наам ээлерине.

 

 

Добавить комментарий