НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН

5 ТОКТОМУ

 

6-ноябрь  2020-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна  Нарын шаары үчүн мүчөлүк акыны которуп берүү жөнүндө

           Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция, ишмердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун уставында каралган «1 жылга бир жаранга-1 сом» өлчөмүндөгү мүчөлүк акыга 40 000 (кырк миң) сом өлчөмүндөгү акча каражаты Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен которулуп берилсин.
  2. Бөлүнгөн акча каражаты Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде берилсин жана токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий