НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХXXIV СЕССИЯСЫНЫН

6 ТОКТОМУ

 

6-ноябрь  2020-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасында ачылган жаңы  штаттык бирдиктердин алып барып жаткан иштери жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчисинин  маалыматын  угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасынын жетекчисинин маалыматы эске алынсын, муниципалдык жерлерди инвентаризациялоодо айрым иштер аткарылганы менен кемчиликтер бар экендиги жана инвентаризация жүргүзүлгөн объектилерден ашыкча пайдаланган жер тилкелеринин акыларын толугу менен өндүрүү жагы белгиленсин.
  2. Нарын шаарындагы жарнамалык такталардын жана аялдамалардын санына жана ээлик укуктарына тактоо жүргүзүп чыгуу, муниципалдык менчикке кабыл алына элек такталарды жана аялдамаларды өз балансына өткөрүп алуу иштерин жүргүзүү аталган ишканага тапшырылсын.
  3. Нарын шаардык Кеңешинин 2019-жыл 17-сентябрдагы 3-токтому менен иштин зарылчылыгына байланыштуу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына кошумчаачылган 2 штаттык бирдикте иш алып барып жаткан адистердин милдеттерин күчөтүү жана ишти уюштуруу ишкананын директоруна жүктөлсүн жана жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын  январь айына чейин маалымат берсин.
  4. Жылдын аягына чейин жердин ижара жана жер салык акыларын, таштандылардан түшүүчү акча каражаттарын, өндүрүү, берилген план-тапшырмаларды 2021-жылдын 1-январына чейин аткаруу жагы Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасына тапшырылсын.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  ММИге.

Добавить комментарий