НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХХV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

                                  КЕЗЕКТЕГИ ХХХV СЕССИЯСЫНЫН                                  

3  ТОКТОМУ

 

22-декабрь 2020-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасынын кварталдык комитеттеринин штаттык бирдиктерин Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына кайтарып берүү жөнүндө

      Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасынын кварталдык комитеттеринин штаттык бирдиктерин Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына кайтарып берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишмердүүлүк жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын сунушуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасынын аймактык комитеттеринин штаттык бирдиктери Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасына 2021-жылдын январь айынан тартып толугу менен кайтарылып  берилсин.
  1. Мыйзам чегинде иш кагаздарын толук өткөрүп берүү жагы Нарын шаардык мэриясына,Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча ишканасынын жана  Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын жетекчилерине жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана иш алып баруужагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишмердүүлүк жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн :иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге, “Таза-Нарын” ишканасына.

Добавить комментарий