НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ   I СЕССИЯСЫНЫН

№ 4   ТОКТОМУ

10-январь   2017-жыл                                                                                                                                           Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты У.Жаанбаев шаардык Кеңештин 1-уюштуруу сессиясынын күн тартибине Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө  жана бул маселени  шаардык Кеңештин кийинки сессиянын күн тартибине киргизүүнү сунуштаган. Сунуш күн тартибине кошумча маселе катары киргизилип,  ар бир фракция  жумушчу топко киргизүү боюнча депутаттарды жана аппарат кызматкерлеринен киргизүү жагын айтышкан.

Нарын шаардык Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты У.Жаанбаевтин Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө  сунушун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топ түзүзүлсүн.
  2. Фракциялардын берген сунуштарынын негизинде жумушчу топтун курамына “КСДП” фракциясынан депутат А.Аскарбеков, “Ала Тоо ынтымагы” фракциясынан депутат Э.Чымылдаков, “Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат У. Сопакунов, “Кыргызстан” фракциясынан депутат У.Жаанбаев, “Өнүгүү- Прогресс” фракциясынан депутат М.Сакыбаев, Нарын шаардык Кеңешинин жоопту катчысы А.Абдыкеримов жана жетектөөчү адис А.Жапаралиева киргизилсин.
  3. Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү толуктоо киргизүү боюнча жумушчу топтун билдирүүсү шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын кун тартибине киргизилсин.

Төрага                                                                                                          Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, фракцияларга

Добавить комментарий