НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН №5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН   IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XI  СЕССИЯСЫНЫН

№5  ТОКТОМУ

11-июль  2017-жыл                                                                                      Нарын шаары

2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын
депутаттык фракцияларга бөлүү жөнүндө

Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине” ылайык, шаардык Кеңештин сессиясында “КСДП” фракциясынын депутаты Ж.Мамыткановдун шаардын тургундарынын суроо-талаптарын аткарууга карата акча каражатын бөлүү жөнүндөгү сунушун эске алып,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен Нарын шаарынын тургундарынын суроо-талаптарын аткаруу максатында Нарын шаардык Кеңешинин 5 депутаттык  фракциясынын ар бирине 60,0 (алтымыш) миң сомдон  же жалпы 300,0 (үч жүз) миң сом бөлүнүп берилсин.
  2. Шаардын тургундарынын суроосун канааттандыруу боюнча жазалуучу иштердин көлөмүн аныктоо жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүткөрүү жагы ар бир депутаттык фракциялардын жетекчилерине жүктөлсүн.
  3. Бөлүнгөн акча каражатын чечүү жагы КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына жана акча каражатын которуп берүү Нарын шаардык мэриясынын башкы эсепчисине тапшырылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу” комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                  Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, юстиция башкармалыгына, фракция жетекчилерине, шаардык мэрияга, фининсы башкармалыгына

Добавить комментарий