НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН
№5 ТОКТОМУ
11-июль 2017-жыл Нарын шаары
2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын
депутаттык фракцияларга бөлүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине” ылайык, шаардык Кеңештин сессиясында “КСДП” фракциясынын депутаты Ж.Мамыткановдун шаардын тургундарынын суроо-талаптарын аткарууга карата акча каражатын бөлүү жөнүндөгү сунушун эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен Нарын шаарынын тургундарынын суроо-талаптарын аткаруу максатында Нарын шаардык Кеңешинин 5 депутаттык фракциясынын ар бирине 60,0 (алтымыш) миң сомдон же жалпы 300,0 (үч жүз) миң сом бөлүнүп берилсин.
- Шаардын тургундарынын суроосун канааттандыруу боюнча жазалуучу иштердин көлөмүн аныктоо жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде бүткөрүү жагы ар бир депутаттык фракциялардын жетекчилерине жүктөлсүн.
- Бөлүнгөн акча каражатын чечүү жагы КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына жана акча каражатын которуп берүү Нарын шаардык мэриясынын башкы эсепчисине тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу” комиссияга тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, юстиция башкармалыгына, фракция жетекчилерине, шаардык мэрияга, фининсы башкармалыгына