НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХI СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН IV

ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    ХI СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

11-июль  2017-жыл                                                                                                   Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин   алдындагы «Бюджет, финансы, экономика, ишмердүүлүк  жана инвестиция боюнча»  туруктуу комиссиясынын курамына
өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин «Ала-Тоо Ынтымагы»  фракциясынын депутаты,  «Бюджет, финансы, экономика, ишмердүүлүк  жана инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү  Чымылдаков Эмилбек Назарбекович өз арызынын негизинде мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыргандыгына байланыштуу, андан кийинки тизмеде турган  Усубалиев Бакытбек Дюшекович Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 20-май 2017-жылдагы №121-Токтому менен  депутат деп таанылып, мандаты берилгендигине байланыштуу, туруктуу комиссиянын курамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                       ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы, экономика, ишмердүүлүк жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына “Ала- Тоо Ынтымагы” фракциясынын депутаты  Усубалиев Бакытбек Дюшекович киргизилип, толуктоо менен туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп бекитилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                      Ж.Ботоканов

 

____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияга

Добавить комментарий