НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  XII СЕССИЯСЫНЫН

№  2 ТОКТОМУ

21-ноябрь   2017-жыл                                                                                                                                            Нарын шаары

Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата калган  акча каражатын бөлүү жөнүндө

Нарын шаарынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен, «Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик кодексине» ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын сунуш каттарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

 1.Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаш адиси, онколог- дарыгер Базылакунова Алтынга 2017-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларынын батиринин  ижара акысы үчүн 9,0 миң сом  (айына 3,0 миң сомдон) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.“Наристе-Нур” балдар бакчасына жаңы ачылган тайпасынын тамак ашына жана ижарасына   112,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Нарын шаарындагы №16 “Ыйман” балдар бакчасынын филиалынын 2 тайпасынын тамак ашына 40,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

4.Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча”    туруктуу комиссиясына, ал эми токтомду аткаруу шаардык мэрияга жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин  Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

 

  Төрага                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине, Нарын шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын  башкармалыгына.

Добавить комментарий