НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ  ХII СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ 

21-ноябрь 2017-жыл                                                                                                                           Нарын шаары

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык Нарын шаардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын системасындагы коррупция тобокелдиктердин тизмесин  бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин 5-пунктуна ылайык Нарын шаардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын системасындагы коррупция тобокелдиктердин тизмесин  бекитип беруу боюнча Нарын шаардык мэриясы 2017-жылдын 1-августундагы №03\1451 каты менен кайрылган.

Нарын шаардык мэриясынын каты шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартип, коргоо,  регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумда талкууланды.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин 5-пунктуна жана Нарын шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-августундагы №03\1451 катына ылайык, Нарын шаардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын системасындагы коррупция тобокелдиктердин тизмеси (тиркелет) бекитилсин.
  1. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына ташырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясына

 

3-токтомго тиркеме

Нарын шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги

 

Мамлекет-тик органдын функциялары/ кызматтык ыйгарым укуктары Түзүмдүк бөлүм (коррупциялык тобокелдик бар кызмат орду) Коррупциялык тобокелдик Коррупци-ялык тоб-окелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык Корруп-циялык тобокел-диктин деңгээли (нөлдүк, төмөнкү, орточо нөлдүк) Коррупциялык тобокелдик бир гана органдын ишине таандыкпы же ал бир нече мамлекеттик органдардын ишин камтышы мүмкүнбү?
1. Нарын шаардык мэриясы Мэр, вице-мэрлер, аппарат жетекчи, жооптуу кызматкерлер, айрым комиссиянын төрагалары Кадр дайындоо, котруштуруу, чен ыйгаруу, конкурс, ротация өткөрүү системалуу орточо
2. Ички иштер бөлүмү Бөлүмдүн начальниги, оперативдик, тергөө иштери боюнча орун басарлары, кылмыш иликтөө, тергөө бөлүмдөрү, жол кайгуул кызматы, милициянын аймактык тескөөчүлөрү Кадр дайындоо, жылыштыруу, чин ыйгаруу, кылмыштын бетин ачуу, тергөө жүргүзүү, укук бузууларга чара көрүү системалуу орточо
3. Салык кызматынын Нарын шаардык башкармасы Башкармалыктын начальниги, орун басары, текшерүү, салык төлөөчүлөр менен иштөө, карыздарды өндүрүү, кирешелерди эсепке алуу бөлүмдөрү, финансы, кадр жана укук иштери боюнча башкы адистер Кызматка кабыл алуу, чечимдерге кол коюу, соода түйүндөрүн, жеке иштерлерди текшерүү, салыкка карыздардын мүлкүн каттоо, тендер өткөрүү системалуу орточо
4.   Тейлөө мекемелери (Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы, “Таза Нарын”, Жылуулук берүү, суу канал, электр тармактар ишканалары троллейбус ДЭПОсу Департаменттин жетекчиси, башкы бухгалтери, башкы, жетектөөчү  адистери Кызматка кабыл алуу, арыздарды чечүү, муниципалдык менчикти жеке менчикке же ижарага берүү, калкка кызмат көрсөтүүлөр, алардан түшкөн акча каражаттын кириштелүү, чыгышталуулары системалуу орточо
5. Шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы Башкармалыктын башчысы, орун басары, башкы эсепчиси, АПУ, ИТУ, “Бирдиктүү терезе” секторлорунун жетектөөчү адистери Кызматка кабыл алуу, арыздар боюнча чечим кабыл алуу, акча маселелерин чечүү, долбоорлорду даярдоо системалуу орточо
6. Билим берүү тармагы Билим берүү бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчиси, мектеп директорлору, балдар бакчасынын башчылары Кызматка кабыл алуу, акча маселесин чечүү, окуучуларды кабыл алуу, окуу процессин уюштуруу, балдар бакчасына кабыл алуу системалуу орточо
7. Аскер комиссариаты Аскер комиссары, орун басары, бөлүмдөрдүн башчылары Кадр дайындоо, жылыштыруу, чин ыйгаруу, аскерге чакыруу, аскердик каттоо, мед.комиссия-дан өткөрүү системалуу орточо
8. Социалдык коргоо башкармалыгы Нарын райондук соцфонд башкармалыгы Башкармалыктан башчысы, орун басары, социалдык кызмат көрсөтүү, пособие чектөө жана төлөө бөлүмдөрү Кызматка кабыл алуу, которуштуруу, пособие, пенсияларды  чектөө, төлөө, соц. кызмат көрсөтүү системалуу орточо

 

Добавить комментарий