НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН № 4/7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  XII СЕССИЯСЫНЫН

№ 4/7  ТОКТОМУ

21 — ноябрь   2017-жыл                                                                                                                                          Нарын шаары

 Тентимишов Жолдошбекке Нарын шаарынын  “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Тентимишов Жолдошбек 1950-жылы Нарын шаарында туулган. Өзүнүн эмгек жолун 1980-жылдын май айынан 1998-жылдын ноябрь айына чейин ички иштер органдарында кызмат өтөө менен баштап ошол жерден ардактуу эс алууга чыккан.

Бул жылдар аралыгында ар кандай жооптуу кызматтарда иштөө менен өзүнүн ишке болгон жетишкендиктери үчүн “КР ИИМне эмгек сиңиргендиги үчүн 3-даражадагы медалы, “Кыргыз милициясына 70 жыл”, “Кыргыз милициясына 90 жыл” юбилейлик медалдары, “Кадырман” медалы, ”Ардак” медалы, ”ИИМдин ардагери” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын ИИМинин, Нарын ОИИБнин “ Ардак грамоталары” менен жана ондогон баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

Мындан тышкары Нарын облустук администрациясынын, Нарын шаардык мэриясынын “Ардак грамоталары” менен сыйланган.

Ж.Тентимишов ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы Нарын шаарынын күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин сунуштоосу менен 2010-жылдын март айынан тартып Нарын шаардык согуштун, куралдуу күчтөрдүн, ооруктун ардагерлер кеңешинин төрагасы, Нарын облустук ички иштер органдарынын ардагерлеринин сунуштоосу менен 2016-жылдын айынан тартып, Нарын ОИИБнин ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.1998-жылдан 2005-жылга чейин республикалык ардагерлер кеңешинин Президиумунун мүчөсү,2005-жылдан 2002-жылга чейин республикалык ардагерлер кеңешинин укук коргоо органдары боюнча Нарын облусундагы координатору болгон.

Коомдук иштердеги жетишкендиктери жана ийгиликтери үчүн “Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалы” ордени, согуштун, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын, ооруктун эмгекчилеринин республикалык кеңешинин “Ардактуу ардагер” медалы жана 2017-жылы РФнын аймактар аралык коомдук уюмунун “Намыс” ыкчам кызматтарынын ардагерлеринин төрагасынын “Милициянын ардагери” медалы менен сыйланган.

Жогорудагылардын негизинде жана ички иштер тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектерин, Нарын ОИИБнин сунушун эске алып, туруктуу комиссиянын отурумунун протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын колдоосуна ээ болгондуктан, Тентимишов Жолдошбекке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
  1. Жобого ылайык Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” күбөлүгү, сертификаты жана төш белгиси берилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалышыгына, Ж.Тентимишовго.

Добавить комментарий