НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН №6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XIII СЕССИЯСЫНЫН 

№6 ТОКТОМУ

   26-январь 2018-жыл                                                                                                                             Нарын шаары

Депутаттардын Нарын шаардык  Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен  бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү  киргизүү жөнүндө

           Нарын шаардык мэриясы бүгүнкү күндө Нарын шаарында жеке менчик там салганга  жер аянты жок болгондуктан, кезекте турган адамдардын саны 2000ден  ашкандыгын жана шаардагы бош жаткан  жерлерди тактап, кезекте турган адамдардын көйгөйүн  чечүү максатында  бош жерлерди инвентаризациялоо иштерин жүргүзүүдө. Тактоо жүргүзүүнүн натыйжасында, Нарын шаарынын чыгыш-түндүк тарабындагы (Московский чөлкөмү, Зоярко көчөсүнүн уландысы) жайгашкан Р-5 зонасындагы 1 (бир) жер участогундагы 101906 чарчы метр же 10,19га жер аянтын такташкан. Р-5 зонасындагы көрсөтүлгөн жер тилкесин Ж-1 зонасына которуп берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине кат менен кайрылышкан.

           Шаардык мэриянын каты шаардык Кеңешинин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча»  туруктуу комиссиясынын  2 жолку отурумунда  каралып, жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө макулдук  берилип, шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына  сунушталган.

                 Күн тартибиндеги маселени депутаттар  угуп жана  талкуулап Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын чыгыш-түндүк тарабындагы (Московский чөлкөмүндөгү Зоярко көчөсүнүн уландысы) жайгашкан 101900,6 чарчы метр жер аянтты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги»   көрсөтүлгөн зонага өзгөртүү киргизилип, аталган жер аянты Р-5 (зона сохраняемых природных ландшафтов) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной  жилой застройки с содержанием скота) зонасына которулсун.
  1. Нарын шаарында кезекте туруп, үй курууга жер сурап кайрылган  жарандардын тизмесин кайрадан тактап чыгып, жер жана үй алган жарандарды тизмеден чыгаруу менен «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясына сунуштоо Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат кылуу боюнча  муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  1. Ж-1 зонаcына которуудагы тиешелүү бүтүмдүк иш кагаздарын Мыйзам чегинде бүткөрүү Нарын регионалдык  шаар курулуш жана архитектура  башкармалыгына, Нарын шаардык  муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык  ишканасына милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                                                                                                                                               Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, шаардык мэрияга, архитектура башкармалыгына, муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык  ишканасына, мам каттоого,  жана Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясына, облустук юстиция башкармалыгына

Добавить комментарий