НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
№5 ТОКТОМУ
26-январь 2018-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана туруктуу комиссиялардын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жыл үчүн иш планы бекитилсин (иш план тиркелет);
- Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияларга, облустук юстиция башкармалыгына.
Нарын шаардык Кенешинин
26-январь 2018-жылдагы
IV чакырылыштагы кезектеги
XIII сессиясынын №5 токтомунун
№1 тиркемеси
Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылга карата иш планы
№ | Каралуучу маселелердин
мазмуну |
Материалдарды даярдоого жооптуу мекемелер туруктуу комиссиялар |
I КВАРТАЛ |
||
1. | Нарын шаарында белгиленген багытта транспорт каттамдарынын жүрүшү, алардын элге кызмат көрсөтүүдөгү жүргүзүп жаткан иштери жана транспорт салыгынын, патенттин төлөнүшү жөнүндө. | «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча» жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиялары. |
2. | Нарын шаарынын мэриясынын жана анын тармактык бөлүмдөрүнүн 2017-жылда аткарылган иштери жөнүдө Нарын шаарынын мэринин отчету. | Нарын шаарынын мэриясы, тармактык бөлүмдөрү. |
3. | Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө. | Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары, шаардык Кеңештин аппараты. |
4. | Нарын суу-канал ишканасынын таза жана ыплас сууга болгон төлөмдөрүнүн жаңы тарифине, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдөгү таштандыларга төлөнүүчү жаңы тарифине макулдук берүү жөнүндө. | «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча»,
«Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча», «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиялары. |
5. | а) Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын угуу, талкуулоо жана бекитүү;
б) 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша бөлүгүн жана 2019-2020-жылдардын жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкулоо жана бекитүү. |
«Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
II КВАРТАЛ | ||
1. | Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №2 токтомунун аткарылышы боюнча Нарын суу канал ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө. | «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык Кеңештин аппараты. |
2. | Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы тарабынан коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукту алдын алууга жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
3. | Нарын шаарындагы жалпы спорт мектептеринин (мектеп) жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы. |
4. | Нарын шаарындагы мектептерде, бала бакчаларда балдарга берилип жаткан тамак аштын сапаттуулугу, санитардык абалынын сакталышы азык-түлүктөрдү сатып алуу боюнча тендердин өткөрүлүшү жөнүндө. | «Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссиясы.
|
III КВАРТАЛ | ||
1. | Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жалпы жүргүзүлүп жаткан иштери жана жумушсуз статусун алган жарандарын иш менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштери жөнүндө. | «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы. |
2. | Нарын шаардык Кеңешинде кабыл алынган токтомдордун аткарылышы (2017-2018-ж.ж) жөнүндө. | Бардык туруктуу комиссиялар, шаардык мэрия, шаардык Кеңештин аппараты. |
3. | Нарын регионалдык шаар курулуш башкармалыгынын элге кызмат кылуудагы жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы. |
IV КВАРТАЛ |
||
1. | Нарын шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин шаардын тургундарын медициналык жактан тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө. | «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы. |
2. | Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жалпы жүргүзүп жаткан иштери жөнүдө. | «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы.
«Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы. |
3. | Нарын шаарындагы мектептердеги билим берүүнүн сапаты, окуу китептери менен камсыз болуусу жана окуучулардын жүрүм туруму боюнча тарбиялык маанидеги иш чаралардын өтүшү, ата-энелердин мектеп менен байланышы жөнүндө. | «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы, шаардык билим берүү бөлүмү. |
Практикалык иштер |
||
1. | Нарын шаардык Кеңешине жана депутаттарга келип түшкөн арыз, даттануулар менен кайрылган жарандын арыздарын жеринде карап чечүү. | Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты. |
2. | Нарын шаарынын тургундары, мекеме ишканалар менен биргеликте коомдук угууларды өткөрүү. | Шаардык Кеңештин депутаттары, шаардык мэрия, шаардык Кеңештин аппараты. |
3. | Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардык Кеңештин депутаттарынын фракциялардын иштерин чагылдырып туруу. | Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты. |
4. | Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссияларын, шаардык Кеңештин жооптуу кызматкерлерин башка шаарлар менен тажырыйба алмашуусун уюштуруу. | Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты. |
5. | Нарын шаарынын тазалыгына, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине катышуу, шаардын тазалыгы үчүн атайын ишенбиликтерди уюштуруу, питомниктердин, парктардын, скверлердин абалына көзөмөлдүк кылуу. | Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар. |
6. | Туруктуу комиссияларынын иш пландарын тартипке келтирүү жана заседаниелерин өз денгээлинде өткөрүп туруу. | Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары, Кеңештин аппараты. |
7. | Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорунун аткарылышына көзөмөлдөк кылуу жана мекеме ишканаларга өз учурунда жеткирилишин камсыз кылуу. | Шаардык Кеңештин аппараты. |
8. | Шаардын атуулдарынан жана мекеме- ишканалардан келип түшкөн арыздардын, каттардын, өз учурунда жооп берилишин камсыз кылуу. | Шаардык Кеңештин аппараты. |
9. | Шаардын маданий-массалык иш чараларына катышу. | Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты. |
10. | Депутаттардын эл менен жолугушуусун уюштуруу, берилген наказдардын аткарылыштары боюнча маалыматтарды берүү. | Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты, тиешелүү мекемелер. |
11. | Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин жүргүзүп жаткан иштерин жеринде кароо. | Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары. |