НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН
№7 ТОКТОМУ
23-январь 2018-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 6-апрель 2017-жылдагы IV чакырылыштагы кезектеги VI сессиясынын №5/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешине кат менен кайрылып, 6-апрель 2017-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы VI сессиясынын №5/3 токтомунун 2-пунктундагы Нарын шаардык мэриясына «Өзгөчө кырдаалды алдын алууга» бөлүнгөн 100,0 миң сом акча каражатын, иштин зарылчылыгына байланыштуу 2018-жылдын кыш мезгилинде Нарын шаарындагы көмүр отунга муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга «Ассалам» коомдук уюму тарабынан бекер берилген көмүрдү Кара-Кече көмүр кенинен тартып келүүгө өзгөртүп берүүнү сунушташкан. Бул маселе «Бюджет финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясында каралып, маселеге макулдук алуу үчүн шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына сунушталган.
Шаардык Кеңештин сессиясында Нарын шаарынын 1-вице мэри Н.Молдокадыровдун маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин 6-апрель 2017-жылдагы IV чакырылыштагы VI сессиясынын №5\3 токтомунун 2-пунктундагы «Нарын шаарында өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга» деген сүйлөм алынып салынып, «Нарын шаарындагы көмүр отунуна муктаж аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмүр тартып келүүгө» деген сүйлөм менен алмаштырылсын.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына, КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.