НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН

№ 7 ТОКТОМУ

27-апрель 2018-жыл                                                                                                                                 Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин  төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламенттинин 29-главасынын 29.1. жана 29.2. пунктарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1.  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин    Регламентинин 29-главасынын 29.1 жана 29.2. пунктуна  ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын  коомдук башталыштагы орун басарлыгына «Республика- Ата-Журт» фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Сопакунов Улан Моңолдорович сессияга катышкан депутаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болгондуктан   төраганын орун басарлыгына шайланды.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук  юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга.

 

Добавить комментарий