НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН
№ 7 ТОКТОМУ
27-апрель 2018-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламенттинин 29-главасынын 29.1. жана 29.2. пунктарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1-пунктуна жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 29-главасынын 29.1 жана 29.2. пунктуна ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлыгына «Республика- Ата-Журт» фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Сопакунов Улан Моңолдорович сессияга катышкан депутаттардын бир добуштан колдоосуна ээ болгондуктан төраганын орун басарлыгына шайланды.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга.