НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН 

№ 2  ТОКТОМУ  

28-май 2018-жыл                                                                                                                                       Нарын шаары

Советтер Союзунун баатырлары Д. Асановдун жана А. Чортековдун эстелик-бюсттарын Нарын шаарынын “Улуу Жеңишке-70 жыл” сейил багына орнотууга макулдук берүү жөнүндө

                    Улуу Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына карата, кыргыз элине таанымал тарыхый инсандарды даңктоо, элибиздин тарыхын белгилүү адамдардын элестерин чагылдыруу аркылуу жаш муундарга таанытуу максатында, Нарын шаардык Кеңешинин  11-апрель 2012-жылдагы “Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобосуна жана “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология  боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Советтер Союзунун баатырлары Дайыр Асановдун жана Анварбек Чортековдун эстелик-бюсттарын Нарын шаарынын “Улуу Жеңишке-70 жыл” сейил багына орнотууга макулдук берилсин.
  1. Эстелик-бюсттардыжасоого, орнотууга, постаментинин курулушуна байланыштуу чыгымдар Дайыр Асановдун жана Анварбек Чортековдун уул-кыздарынын эсебинен жъргъзълсън.
  1. Советтер Союзунун баатырлары Дайыр Асановдун жана Анварбек Чортековдун эстелик-бюсттарын орнотууга Нарын шаарындагы “Улуу Жеңишке-70 жыл” сейил багынан жер аянтын аныктап берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

Төрага                                                                                                                                                              Ж. Ботоканов                                                                                                              

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, арыз ээлерине, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, архитектурага.

 

                                          

Добавить комментарий