НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН 

        № 3 ТОКТОМУ     

28 -май 2018-жыл                                                                                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаарындагы “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсаният Валь Хайрия” кайрымдуулук фондусуна кошумча курулуш курууга берилген жер тилкесинин ижара акысынан бошотуу жөнүндө

                  Нарын шаардык Кеңешинин 11-апрель 2012-жылдагы «Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобосунун негизинде  жана “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы   токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсаният Валь Хайрия” кайрымдуулук фондусуна 2017-жылы Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясы тарабынан бөлүнүп берилген кошумча 3000 чарчы метр жер тилкесин 3 жылдык мөөнөткө ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
  1. Нарын шаардык мэриясы менен “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсаният Валь Хайрия” кайрымдуулук фондусунун өз ара макулдашуулары боюнча каржылоонун негизинде РТС аймагындагы жаңы жер конушунун бир жак тарабына жөө адамдар басуучу аллеясын жана Нарын суу канал ишканасына насос менен суу сордуруучу жайды куруп берүү боюнча иш аракеттер көрүлсүн.
  1. Бул токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

  Төрага                                                                                                                                                            Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсаният Валь Хайрия” кайрымдуулук фондусуна.

 

                                 

Добавить комментарий