НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VIII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  IV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VIII СЕССИЯСЫНЫН

 №1 ТОКТОМУ

28-апрель 2017-жыл                                                                                          Нарын шаары

Нарын шаардык мэриясынын жана анын тармактык бөлүмдөрүнүн  2016-жылда аткарган иштери жөнүндө Нарын шаарынын мэринин  отчету

             Нарын шаарында экономика, өнөр жай тармагы боюнча 2017-жылдын 1-январына 732 млн. 667 миң сом  өнөр жай продукциялары өнүрүлгөн же 99,9 %  түзөт, 2015-жылга салыштырмалуу 36млн.594 миң сомго ашыкча продукция өндүрүлгөн.Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд.190 млн.649 миң сомду түзүп, 108,9  % аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу 179 млн. 221 миң сомго өсүш берген . Калкка акы алып кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 629 млн.191 миң сомго аткарылып, 104,7 % түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 44 млн. 659 миң сомго өсүш берген. Салыктар жана салык эмес жыйымдар боюнча жалпы 203909,6 миң сомго план тапшырма берилип,203958,3 миң сомго жыйналып 100 % га аткарылган. Мунун ичинен республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 113104,4 миң сом план тапшырма берилсе, 108137,3 миң сомго, же 95,6 %га,  ал эми жергиликтүү бюджет 90805,2 миң сомго план берилип, 95821,0 миң сомго же 105,5 % аткарылган.2015-жылга салыштырмалуу жалпысынан 24675,4 миң сомго ашык салык бюджетке түшүрүлгөн. Мунун ичинен жергиликтүү бюджетке 13403,7 миң сомду түзөт.

          Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү программасы боюнча “Жол картасына” жалпысы 7 млрд.356млн.264 миң сомдук 168 долбоорду ишке ашыруу пландалса, 2016-жылы баардыгы 79 долбоор ишке ашырылып, ага 5 млрд. 733 млн. 654 миң сомдук мамлекеттик жана жеке инвестициялар тартылган.

Нарын шаары боюнча 76 обьект жана инфраструктура  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдагы №827 токтому менен муниципалдык менчике берилген. Аларга мектептер, бала бакчалар, спорт мектептери, шаардык мончо, автомектеп, шаардык суу канал жана жылуулук ишканаларынын имараттары жана 39 инфраструктуралар (жолдор, парктар, скверлер, суу алуучу жайлар, отканалар ж.б) кирет.

Учурда 27 обьект оперативдик башкарууга берилген, алар мектептер, бала бакчалар, спорт мектептери. 740 жер аянты жана муниципалдык обьектилер ижарага берилген. Шаардык муниципалдык менчик департаментине  2016-жылы 4500,0 миң сомго  план тапшырма берилсе, 4545,9 миң сомго же 101,0 %га аткарылган.

Борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча  шаардык мэриянын алдында комиссия түзүлүп, баш аламан соода кылууну ирээтке келтирүү үчүн комиссия 50 жолу билдирүү берилип, Шуллер жана С.Орозбак көчөлөрүнүн жол жээгине 100 метр темир тосмолор коюлган.

           Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына 2016-жылы жергиликтүү бюджеттен жалпы 30236,5 миң сом каржыланып, өткөн  жылга салыштырмалуу 6869,6  миң сомго көп каржыланган. Шаардын санитардык тазалыгын сактоону камсыз кылуу багытында таштанды төгүү боюнча 225 точка уюштурулуп, мунун 210 точкасына 295 контейнер коюлуп, ал эми 15 точка бетон тосмолор менен тосулган. Жалпы таштанды чыгаруу боюнча 7 маршрут түзүлүп, 2016-жылы 27789 метр куб турмуш тиричилик таштандылары чыгарылган. Таштандыларды Карга-Жайлоодогу таштанды төгүүчү жайга төгүлүп, жумасына 2-3 жолу трактор менен түртүү иштери жүргүзүлүп, айланасы 440,0 миң сомго тосулган.Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардын 33 көчөсүнө жалпы 204 түнкү жарыктар, Ленин көчөсүнө жергиликтүү бюджеттен 1400,0  сом акча каражатына133 даана  заманбап диоддуу фонарлар    коюулган.

Ленин көчөсүнө 806,8 миң миң сомго 2 цифралык  светафор жана 400,0 миң сомго 88 жол белгилери орнотулган.2016-жыл ичинде шаардын 16 ички көчөлөрунө 2500 м3 балласт төгулуп, түздөө иштери, кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча 30 тонна туз, 240 м3 инерттик материалдар даярдалып керектелген.2016-жылы ГОВД аймагынан ДСУга чейинки, УВДдан В.Чкалов мектебине чейинки тротуарларды брусчаткалоо иштери улантылган. 16530 метрдан ашык арыктар, өткөөлдөр тазаланып, жалпы шаар ичине 5000 ашык тал-теректин, 640 ийне жалбырактуу карагайдын көчөттөрү тигилген. Мындан сырткары “Таза-Нарын ишканасынын аймак башчылары жана кварталдык комитеттери, шаардык статистика бөлүмү менен биргеликте мал каттоо иштерин жүргузүшкөн.

           2017-жылдын 1-январына карата шаардын калкы менен мекеме ишканаларына 1480,0 миң.м3 таза суу берилип, 920 миң миң м3 ыплас суу кабыл алынып, тазалоодон өткөрүлгөн. Суу түтукчөлөрүнүн көпчүлугү эски болгондуктан жыл ичинде 48 жарылуу болуп, алар кайра калыбына келтирилген.Мындан сырткары канализация түтүктөрүндө жыл ичинде 150 тыгындар катталып, кайра калыбына келтирилип, планда каралган   кудукчаларды тазалоо, бетондоо, суу түтүктөрүнүн тетиктерин аламштыруу  жумуштары жазалган. Мекеменин 2017-жылдын 1-январына карата дебитордук карызы 4992,9 миң сом, ал эми кредитордук карызы 2264,7 миң сомду түзөт. 2016-жылга ишкананын таза суу, канализация системаларын пайдаланган мекеме ишканалар жана калк менен тузүлгөн келишимге ылайык план 21835,8 миң сомго кабыл алынса, бекитилген план 22187,8 миң сомго,же 101,6 %га аткарылган.Шаардык мэриянын алдында түзүлгөн координациялык Кеңеш менен Ага-Хан фондусунун MSDSP KG программасынын ишинин натыйжасында 700 миң сомдук 2 долбоор жактырылып, анын негизинде жумушчулар үчүн атайын кийимдер жана газоанализатор сатылып сатылып алынган.Экология фондусу тарабынан 2950,0 миң сомдук Дон-Фенг-190 маркасындагы ассенизатордук автомашина жана 495,0 миң сомдук ыплас суу тазалоочу жайына насос алынган.2016-жылы ЕБРРдин долбоору боюнча Нарын шаарынын таза суу жана канализация системаларын реабилитациялоо боюнча келишимге кол коюулуп, учурда тендер жумуштары жүргүзүлүп жатат. Бул долбоордун жалпы суммасы 6,2 млн еврону түзүп, шаардын жалпы 109 км болгон таза суу түтуктөрүн 30%га жакыны алмаштырылат жана шаардын таза суу чыкпаган аймактарына таза суу түтүктөрү, Нарын суу канал ишканасы үчүн жаңы имарат  курулат, өндүрушкө жаңы техникалар алынат.

       Нарын шаарында 2016-2017-жылдын күз кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде көмүр тартуу иштери жүргүзүлгөн. 2016-2017-жылдардын кыш айлары үчүн социалдык өнүгүү башкармалыгынын катоосунда турган шаардагы 468 аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө, жалгыз бой жана ден соолугунан мүмкунчүлүгү чектелген жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен көмүр отуну үчүн жалпы 468,0 миң сом акча каражаты каралып, ар бирине 1000 сомдон почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнүп берилген.

         Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо ишканасы тарабынан кышка даярдык иштери бүткөрүлүп, мындан сырткары №2025 Чек ара аскер бөлүгүнө караштуу  Ленин көчөсү №32, 48,50 көп кабаттуу үйлөрдүн ички жылуулук системаларын толугу менен ремонтоо, стояктарын жаңыртып алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн ремонт иштерине карабай 2016-2017-жылдагы кыш айларынынын сууктугунан эскилиги жеткен жылуулук түтуктөрү жарылгандыгына байланыштуу жана борбордук откананын ичинде ар кандай техникалык бузулуулардын кесепетинен, жылуулук айрым учурларда толук берилбей калган.

           Нарын электр тармактар ишканасынын кароосунда 297 Тп бар, анын ичинен 185 ТП  Нарын электр тармактар ишканасынын балансасында, ал эми 112 ТП абоненттердики. План боюнча Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан  50 Тпны ремонттоо каралса, 51 ТП ремонттон өткөрүлүп, план 102,0 % га аткарылган. Нарын ЭТРна накталап оңдоого 2016-жылга 2220,0 миң сом план берилип, 1623,9 миң иштер жазалып, план 125,9 %га аткарылган. Шаардын өтө зарыл болгон айрым аймактарына трансформаторлор жана аба чубалгылары алмаштырылып коюлган.

             2016-жыл ичинде 161258,0 миң кВт/ саат лимитр берилип, 149073,0 миң кВт/саат электр энергия пайдаланып, 12185 миң кВт/саат үнөмдөлгөн, же өткөн жылга салыштырмалуу 3842,0 миң КВт саат аз пайдаланылган. Кабыл алынган элетрт энергиянын ичинен жалпы коромдор 20112,3 миң кВт/саат же 13,5% ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,12 % га азайган.Дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча 1087 рейддик иштер, жургузулүп, 623 кардарга акт протокол тузүлүп, 12181,7 миң сом кайрадан өндүрулгөн.

Нарын шаарында жарандык коргонуу боюнча 2016-жылда тузулгөн планга ылайык иштер аткарылган. Чыгыш аймагындагы Мазар-Булак жана Сүрөт_Булак коктуларынан келген булактын суулары көп жылдардан бери, кышкы мезгилдерде ушул аймактарда жашаган жашоочуларга  жана автожол каттамдарына  ыңгайсыздыктарды жаратып келген көйгөйлүү маселе чечилип, кырдаалды жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки коктуга 2015-2016-жылдары 7958,4 миң сомго толук реконструкция иштери жасалып, жасалган иш өз натыйжасын берүүдө.Мындан сырткары Т.Сулайманов көчөсүндөгү коктун  ремонттоо үчүн долбоор жасалып, жалпы 338,0 миң сомдук жумуштар жасалган. Нарын дарыясындагы суунун деңгээлиндеги жээктин эрозиясын жоюу максатында  кооптуу жерлерге инерттик материалдар жаткырылган.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө 2016-жылы 502 арыз даттануулар катталып, 2015-жылга салыштырмалуу 108ге аз болгон. Жалпы арыз даттануулардын ичинен 116 арыз боюнча кылмыш иши козголуп, 386 арыз боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган.Тергөөнүн өндүрүшүнө 170 кылмыш иши алынып. Алардын ичинен 124 кылмыштын бети ачылып, 92,5% ды түзгөн. Мындан сырткары Нарын шаардык мэриясы менен биргеликте учурдун көйгөйлүү маселеси болуп жаткан диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, КР Өкмөтүнүн токтомдорун аткарууга карата иш чаралар даярдалып, аткарууга алынган.

Саламаттыкты сактоо боюнча Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүдө 5-ҮБДТ жана тез жардам болүмү иш алып барышат. Нарын облустук ҮМБДа 36 дарыгер, 100 орто медициналык кызматкер эмгектенишет. Дарыгерлер менен камсыз болуу 64 %ды түзөт, же 14 дарыгер жетишпейт, ал эми  орто медициналык кызматкерлер менен камсыз болуу 100 % ды түзөт. Депозит аркылуу 2013-2014-2015-жылдары   9 депозит врач келип ишке орношуп, жергиликтүү бюджеттен алардын батир акысы үчүн 532 000 миң сом  төлөнүп берилген. Мындан сырткары Кыргыз Швецариялык долбоору аркылуу 2 дарыгер жана “Жаш дарыгерлер депозити” долбоору менен 3 дарыгер 2016-жылдан тартып эмгектенишүүдө.Дары дармек боюнча 2016-жылы 1 557 522 сомго 5555 рецеп жазылган. Кошумча пакет программасына берилген лимит 103,7 %га аткарылган. Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик гарантиялар программасы боюнча 2016-жылы 498,9 сомдук 637 рецепт ФОМС аркылуу аптекаларга которлуп берилген.Облустук ҮМБда жана ҮДТда 2016-

жылы 183 093 кабыл алуу болуп,2015-жылга салыштырмалуу 23284 ге кабыл алуу көбөйгөн. Ал эми үйдөн жардам көрсөтүү 2016-жылы 12460 болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 3220 га көбөйгөн. Тез жардам бөлүмүнө 2016-жылы 7024 чакырык болуп, өткөн жылга  жылга салыштырмалуу 1075 чакырыкка көп болгон. 7035 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Балдар кызматы Нарын шаары боюнча 2016-жылы 1089 бала торөлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 59 балага көп торөлгөн. Анын ичинен өлүү төрөлгөнү 14 учур болуп 2015-жылга салыштырмалуу 6 учурга өсүш берген. Шаар боюнча жугуштуу оорулар 2015-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге же 694 учурдан 521 ге азайган. Кургак учук оорусу боюнча 137 адам көзөмөлдө турат. 2016-жылы жаңы катталгандардын саны 40, мурунку жылга салыштырмалуу 14 ооруга көп катталган.Мындан сырткары жалпы сарык оорулары 79 учурдан 58ке, интенсивдик көрсөткүч былтыркы жылдын 12 айына салыштырмалуу 1,3 эсеге азайган. Анын ичинен сарык оорусунун “А” түрү 76 учурдан 56 га, “В” түрү 3 учурдан 2 ге азайган.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмү боюнча шаарыбызда балдарга билим тарбия берүүдө 8 орто мектеп жана 7 балдар бакчасы жана 2 спорт мектеби бар. Орто мектептерде 2016-2017-окуу жылында 7559 окуучуга 529 мугалим, ал эми 1822 балдар бакчасындагы тарбиялануучуга 77 тарбиячы –педагог билим тарбияларын берип келет.

Жалпы билим берүү тармагына үсүбүздөгү окуу жылына ремонт иштери үчун жергиликтүү бюджеттен 490 500 сом , ал эми республикалык бюджеттен 688 100 сом акча каражаты бөлүнуп берилген. Мындан сырткары шаардагы 8 орто мектептин 1-4-класстары үчун 3401 окуучуга,  ар бир балага 10 сомдон ысык тамак менен камсыз кылынган.

Билим сапаты боюнча 2015-2016-жыл үчун өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын Республикалык турунда М.Сыдыков орто мектебинин 11-классынын 1 оккуучусу англис тилинен 1-орунду, №8 Арстанбек Буйлаш уулу орто мекетебинин 1 окуучусу математика сабагы боюнча 3-орунду камсыз  кылышкан.  ИГА 11-класстын окуучулары үчун өткөрүлгөн Республикалык тестирлөөгө 379 окуучу катышып, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына  24 окуучу сунушталып, тест сынагынын жыйынтыгы менен эч бир окуучу артыкчылык аттестатын ала алган эмес.

Жалпы тестирлөөгө шаар боюнча 378 окуучу катышып, 110 баллга чейин алгандар 41,6% ды түзсө, 110 баллдан жогору алгандар 58,4 %ды түзгөн. Чкалов атындагы мектеп-гимназиянын 1 окуучусу 202 балл алган.

2016-2017-окуу жылына карата предметтик олимпиаданын шаардык турунда А.буйлаш уулу атындагы №8 орто мектеби 1-орунду, Ж.Чолпонбаев атындагы №10 мектеп 2-орунду, Токтогул атындагы №1 мектеп 3-орунду, М.Сыдыков атындагы №7 мектеп 4-орунду камсыз кылышкан.

Мындан сырткары орто мектептерде кылмыштуулукту алдын алуу максатында ата-энелер менен биргеликте видео камералар орнотулган. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардык билим берүү тармагына ар кандай кароо сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоого 350,0 миң сом, шаарыбыздагы орто мектептин 17 мугалимине Ысык-Көлгө эс алып келүү үчун 52,0  миң сом, Социалдык жактан колдоого муктаж 12 баланы “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна жеткирип келүүгө 9,8 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык шаар жетекчилиги тарабынан Ж.Шералиев көчөсүндө жайгашкан  мурунку мектепке чейинки билим берүү имараты  кайра кайтарылып алып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 864,0 миң сом акча каражаты ремонт иштерине бөлүнүп берилип,  2016-жылдын октябрь айында ишке берилген. “Ак Дил” бала бакчасына жаңы имарат куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 5млн 520 миң сом. Ага –Хан фонду тарабынан 2 млн. 466 миң сом бөлүнүп берилип, жалпы 7 млн.986 миң сомго 2 тайпалуу бала бакча курулуп ишке берилген.

           Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында 2017-жылдын 1-январына карата 1194 аз камсыз болгон үй бүлөгө же 2132 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул 94 894 300 сом акча каражатын түзөт. Жергиликтүү бюджеттен жеңилдиктер беренесине 968,7 миң сом каралып почта кызматы аркылуу төлөө жүргүзүлгөн. Мындан сырткары 401 үй бүлөө кыдырылып, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 14 балага күбөлүк алынып берилген. 4701 үй бүлөгө  жаңы үлгүдөгү соц паспорт толтурулуп берилген.

            Иш менен камсыз кылуу боюнча Нарын шаарында 2017-жылдын 1-январына карата 1528 атуул жумушсуз каттоодо турса, жумушсуздуктун деңгээли 8,2 пайызды түзөт.

           Пенсия алуучулардын саны  2016-жылы 7835 адамды түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражат 47млн. 800мин сомду, же орточо пенсиянын өлчөмү 6096 сомду түзөт. Былтыркы жылга салыштырмалуу пенсия алуучулардын саны 35 адамга көбөйгөн.

             Нарын шаардык маданият болүмү Нарын шаарында өткөрүлгөн маданий иш чараларды өткөрүүгө жана 2016- “Тарых жана маданият” жылында белгиленген ири масштабдуу маданий-массалык иш чараларга катышып келет.

            Ж.Шералиев атындагы балдар исскуство мектебинде 2015-2016-окуу жылында 213 окуучу окуп, 24 мугалим эмгектенген. 30 окуучу музыкалык кесипке ээ болушкан.8 бөлүм музыкалык аспаптарды үйрөтүү боюнчыа иш алып барат.2016-жылдын март айында ири долбоор ишке ашып 2 кабаттуу музыкалык мектептин имараты бүткөрүлгөн.

         Дене тарбия жана спорт болүмү боюнча 2016-жылдын жыл башынан бери калкты массалык спортко тартуу максатында спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен жалпы 585 597 сом спорттук мелдештерди уюштурууга жана катышып келүүгө жумшалган.

           2016-жылы кышкы спорттун түрү боюнча ири долбоор ишке ашып, шаардын борборуна заманбап эл арылык деңгээлдеги муз аянттчасын курулуп 2017-жылдын январ айында ишке берилген. Мындан сырткары “Ала-Тоо” стадионунун айланасына демөөрчүлордүн жардамы менен 2 заманбап футбол аянтчасы курулуп ишке берилген.

          С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш спорт мектебинде 270 бала эркин күрөш менен машыгып, ар кандай спорттук мелдештерге катышып, аларды 12 машыктыруучу тарбиялайт. 2016-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттеен спорттук мелдештерге  катышып келүүгө 450,0 миң сом жана спорт мектебинин сыртын оңдоп түзөө иштерине 100,0 миң сом бөлүнүп берилген. 2016-жылдын май айында өткөрүлгөн балдар жана кыздар арасындагы шахмат оюуну боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин II-кубогунда 2 окуучу 2-3-оундарды камсыз кылышкан. 2016-жылдын май айында өткөрүлгөн окуучулардын Республикалык Спартакиадасында Нарын облусунун командасы 4-орунду камсыз кылышкан.

Нарын шаардык мэриясынын жалпы секторуна 2016-жыл ичинде жалпы 1460 иш кагазы келген жана 2147 иш кагаздары чыгышталган, 632 кайрылуу түшкөн. Алардын баардыгына өз убагында тиешелүү жооптор берилген. Жыл ичиндеги документтердин айланышы (документооборот) 12503 бирдикти түзөт.

Нарын шаардык мэриясынын жана анын тармактарынын 2016-жыл ичинде жүргузгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаардык мэриясынын жана анын тармактык бөлүмдөрүнүн 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Нарын шаардык мэриясынын вице мэри С.Эсенаманованын жана бөлүм башчысы Э.Өмүралиевдин билдирүүлөрү эске алынсын.
  2. Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык салык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгы тарабынан Нарын шаарынын  жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууга айрыкча көңүл буруу жагы тапшырылсын.
  3. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетин үнөмдүү жана максаттуу пайдаланууга, жергиликтүү бюджеттин “экономикалык чыгымдар” беренесине каралган  акча каражатын Нарын шаарынын социалдык экономикасын, инфраструктурасын өнүктүрүү  багытына жумшоого өзгөчө көңүл бөлүнсүн.
  4. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын”  ишканасы тарабынан шаардын тазалыгын камсыз кылууга, шаарды көрктөндурүү, жашылдандыруу,  шаардагы парктарды, скверлерди ирээтке келтирүүгө, шаардын ички көчөлөрүн түнкү жарык менен камсыз кылууга, рекламалык шиттерди шаарга көрк берүүчү заманбап үлгүдө жасатууга, жол белгилерин жаңыртууга, шаардын керектүү көчөлөрүнө жол коопсуздугун алдын алуу максатында акыркы үлгүдөгү светофорлорду орнотуу иштери колго алынсын.
  5. Нарын шаарынын башкы планын бүткөрүү,шаардын борбордук көчөсүн, баш аламан коюулган соода түйүндөрүн,базарлардын айланасын ирээтке келтирүү, муниципалдык жер аянттарын тактоо, аларды каттоодон өткөрүү, Нарын шаардык мэриясына, муниципалдык менчик ишканасына,  шаардык архитектура, жерге жайгаштыруу башкармалыктарына тапшырылсын.
  6. Нарын шаардык суу канал, электр тармактар жана Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүруштүк ишканалары жылдан жылга өтүп келе жаткан дебитордук карыздарды өндүрүүгө чечкиндүү аракеттер көрүлсүн.
  7. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө акыркы учурда Республиканын баардык аймактарында көп катталып жаткан жол кырсыгын алдын алуу максатында рейддерди өткөрүп туруу, диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча иш чараларды көрүү, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоого аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
  8. Нарын шаарындагы калктын саламаттыгына алдын ала кам көрүү, жугуштуу ооруларды алдын алуу, шаар элин сапаттуу медициналык жактан  тейлөөнү  камсыз кылуу, жаш  балдардын өлүмүн кыскартуу максатында Нарын облустук үйбүлөлүк дарыгерлер борбору, Нарын облустук бириктирилген ооруканасы   жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү иш аракеттер көрүлсүн.
  9. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан социалдык паспортторду толтурууга айрыкча көңүл буруу, жыл сайын социалдык паспортту жаңылоо,кошумча толуктоо иштерин жүргүзүү, терең анализдөө менен  жөлөкпулдарды чектөө башкы милдеттеринин бири деп эсептелсин.
  10. Нарын шаардык мэриясына, шаардык билим берүү бөлүмүнө шаардагы мектептердин, бала-бакчалардын билим сапатын жогорулатууга, тарбиялык иштерди жакшыртууга, материалдык техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл буруу менен  эмгек коллективдер арасында ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо максатында ишти билген кесипкөй, жөндөмдүү, тажырыйбалуу, жетекчилер менен толуктоо жагы  тапшырылсын.
  11. Нарын шаардык маданият бөлүмүнө башка ылайыктуу имарат таап жайгаштыруу, иш алып баруусуна шарт түзүү, кызматкерлердин адистигин, билим деңгээлин жогорулатуу, кесипкөй жаш адистер менен толуктоо, кемчиликтерди жоюу шаардык мэрияга, шаардык маданият бөлүмүнө тапшырылсын.
  12. Бул токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
  13. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык салык башкармалыгына, КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына, шаардык билим берүү бөлүмүнө, Нарын шаардык муниципалдык  “Таза-Нарын” ишканасына, Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасына, Нарын суу канал ишканасына, электр тармактар ишканасына, Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгына.

 

Добавить комментарий