НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

 № 6  ТОКТОМУ

31-октябрь 2018-жыл                                                                                                                                                Нарын шаары

 Нарын троллейбус ДЭПОсунун  жүргүнчүлөрдү ташуудагы  жол кире билетинин наркын  бекитип берүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, Нарын троллейбус ДЭПОсунун Уставынын 25 пунктуна, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы тиешелүү туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Д.Курмановдун маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын троллейбус ДЭПОсунун финансылык каражатын колдоо максатында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуудагы эксплуатациялык чыгымдарын эске алуу менен жол кире билетинин бир айлык наркын баардык жүргүнчүлөр үчүн (чоңдор, студенттер, 4-класстан жогорку окуучулар үчүн) ай сайын 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.
  1. Нарын шаарында коомдук троллейбуста жүргүнчүлөрдү ташууда жол кире билетинин үлгүсү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  1. Жол кире билетин жазатууну жана сатууну Мыйзамга ылайык жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына жана Нарын троллейбус ДЭПОсуна жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                                                                                               Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, троллейбус ДЭПОсуна.

Тиркеме

Нарын шаарында коомдук троллейбуста жүргүнчүлөрдү ташууда жол кире билетинин үлгүсү

11111

Добавить комментарий