НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

9 ТОКТОМУ

31-октябрь 2018-жыл                                                                                                                                                Нарын шаары

 Жергиликтүү  бюджеттин 2018-жылдын 1-январына  карата калган калдыктан  акча каражатын бөлүү жөнүндө

                Нарын шаарынын  жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча калдыгынын эсебинен «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине»жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын  эсебинен төмөндөгү  мекемелерге жалпысына 1115,7 миң сом  акча каражаты бөлүнүп берилсин:
  • Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов, №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептердин ички ажаатканаларын  капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча Мерсико уюмунун долбооруна өздүк салым катары жалпы эки мектепке 184,0 миң сом;
  • Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө жалпы мектептердин ремонттуна 80,0 миң сом, мектептерге өрт өчүрүүчү шаймандарды сатып алууга 56,0 миң сом;
  • Нарын шаарындагы №1 Токтогул орто мектебинин оңдоо-түздөө  иштерин үлүштүк (дем берүүчү) гранттынын эсебинен  жүргүзгөн  кошумча жазалган иштерине 60,0 миң сом, мектептин ашканасынасынын ремонтуна тиешелүү материалдарды сатып алууга 37,0 миң сом;
  • С.Бекманбетов атындагы балдар-уландар мектебине (ДЮСШОР) дебитордук карызына 200,0 миң сом;
  • Нарын шаардык мэриясына курулушчулардын күнүн өткөрүүгө 25,0 миң сом;
  • Нарын шаарынын №2 үй бүлөөлүк дарыгер тобунун жаш дарыгери Кадырова Каныкей Камалдиновнага 9,0 миң сом;
  • Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын  имаратына жылуулук системасын орнотууга 174,0 миң сом, соттук ишке катышу үчүн (госпошлина) мекемеге 10,0 миң сом, Нарын шаарынын картасын  чийүүгө 26,7 миң сом, кварталдык комитеттердин жана салык кызматкерлеринин жол киресине 84,3 миң сом;
  • Нарын шаарынын борбордук көчөсүнө бир аялдама курууга 95,0 миң сом;
  • Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө жарнамалык щит жазатууга 4,7 миң сом;
  • Нарын шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнө Каракол шаарында жергиликтүү Кеңештер арасында өтүүчү кичи футбол ойнуна катышууга 70,0 миң сом.
  1. Бөлүнгөн акча каражатын Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде чечип берүү жагы жана токтомду аткаруу  КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө,  КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.

Добавить комментарий