НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVII СЕССИЯСЫНЫН № 10 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVII СЕССИЯСЫНЫН

№ 10 ТОКТОМУ

31- октябрь 2018-жыл                                                                                                                                               Нарын шаары

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата  Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

              Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана  Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө, маданий жана коомдук турмушуна салым кошкон өзгөчө эмгектерин эске алып, Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесине карата, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
  • Аалиев Уланбек Карыбековичге,
  • Аалиева Марипа Аалиевнага,
  • Абыталиев Жумагулга,
  • Алсеитова Камиля Илиясовнага,
  • Алымкулов Эмилбек Абдыраимовичке,
  • Арпачиева Асылбүбү Балтабаевнага,
  • Байышов Камчыбек Байышовичке,
  • Жаанбаев Улан Жунусовичке,
  • Жаныманова Майрамбүбү Чокеновнага,
  • Жолдошев Алмаз Жамгырбаевичке,
  • Калыбек уулу Болотбекке,
  • Токторалиев Алтынбек Исмаиловичке,
  • Сакыбаев Майрамбек Сыдыковичке,
  • Сулайманова Бактыгүл Жумадиловнага,
  • Шерматова Илмира Кубанычбековнага.
  1. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, У.Аалиевге, М. Аалиевага, Ж.Абыталиевге, К. Алсеитовага, Э.Алымкуловго, А.Арпачиевага, К.Байышовго, У.Жаанбаевге, М.Жанымановага, А.Жолдошевге, Б.Калыбек уулуна, А.Токторалиевге, М.Сакыбаевге, Б.Сулаймановага, И.Шерматовага,  туруктуу комиссияга.

Добавить комментарий