НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН №11 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

№11 ТОКТОМ

31-октябрь 2018-жыл                                                                                                                                                Нарын шаары

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу  жаштар иштери, дене тарбия жана  спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин карамагына  «Газпром-балдарга» ден  соолукту чыңдоо борборун өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Нарын шаардык мэриясынын катынын  негизинде Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы «Газпром-Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан «Газпром-балдарга» программасынын алкагында курулуп бүткөн ден соолукту чыңдоо борборун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин  карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик  агенттиги тарабынан  ден-соолукту чыңдоо борборунун техникалык  жактан тейлөө  кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин чечүүдө, алардын эмгек акыларына жана коммуналдык тейлөөгө кеткен чыгымдарын  эске алуу жагы белгиленсин.
  3. Сессиянын токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине жиберилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук  юстиция  башкармалыгына,  мэрияга, КРнын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине.

 

 

Добавить комментарий