НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 12 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

12 ТОКТОМУ

31-октябрь  2018-жыл                                                                                                                                               Нарын шаары

 Нарын облустук  балдардын  билим берүү  борборунун  келишимин узартууга макулдук берүү жөнүндө

            Нарын облустук балдардын билим берүү борборуна Нарын шаарынын Ленин 82 көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу Нарын шаардык  муниципалдык имараты 3-март 2013-жылы  келишимдин негизинде 5 жылдык мөөнөткө оперативдик  башкарууга берилген. Бүгүнкү күндө Нарын облустук балдардын  билим берүү борборунда 14ийрим, иштеп, 74 тайпада 1382 окуучу  тарбияланууда. Бүгүнкү күндө  орус тили,  англис тили, кытай тили, адабий,  мектепке даярдоо, компьютер, кол өнөрчүлүк  ийримдери иштеп келүүдө.

            Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, Нарын облустук балдардын  билим берүү борборунун  жетекчилигинин  мурунку келишимди  узартып берүү боюнча  кайрылуусунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын облустук балдардын билим берүү  борборуна  Нарын шаарынын  Ленин №82 көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу  муниципалдык  менчик имаратын 5 жылдык мөөнөткө узартуу менен   убактылуу оперативдик  башкаруу укугу менен  берүүгө макулдук берилсин.
  1. Нарын шаарынын Ленин №82 көчөсүндө жайгашкан  муниципалдык менчик имаратын Нарын облустук балдардын  билим берүү борборуна  оперативдик башкарууга берүүдө Мыйзам чегинде эки тараптуу  келишимди түзүү Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын жана эки тараптуу келишим түзүүдө, анын Мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн:  иш кагазга,   облустук  юстиция   башкармалыгына,   шаардык   мэрияга, НОБББна, ММИге.

 

 

Добавить комментарий