НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

20-декабрь 2018-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

  

Нарын шаарынын 2018-2022 жылдарга өнүгүү программасынын бекитүү   жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194  «Кыргыз Республикасынын Аймактык саясатты өнүктүрүү концепциясынын 2018-2022-жылдарга карата бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Нарын шаардын 2018-2022 жылдарга өнүгүү программанын долбоору иштелип чыккан. Программаны иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун эксперти жана экономика министрлигинин адистери тарабынан эксперттик жардамдар көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 44-беренесине, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 58-беренесине ылайык жана Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2018-2022 жылдардагы өнүгүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаарынын 2018-2022-жылдардагы өнүгүү программасын аткарууга карата Нарын шаардык мэриясы тарабынан жеткиликтүү иш аракеттер көрүлсүн жана жыл сайын аткарылган иштер боюнча сессияда маалыматтар берилсин.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, КР нын Өкмөтүнө, шаардык мэрияга, облустук юстиция башкармалыгына.

 

 

Нарын шаарынын 2018-2022 жж. өнүгүү программасы

Добавить комментарий