НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН
№ 10 ТОКТОМУ
20-декабрь 2018-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебине караштуу “Газпром-балдарга” спорт комплексинин залын ижарага берүү акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебине караштуу “Газпром-балдарга” спорт комплексинин залын сабактардан тышкаркы убактарда саат 18.00 дөн кийин пайдалануу үчүн мекеме, ишканаларга жана жеке жактарга ижарага берүү акысынын тарифин ар бир саатына 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитип берүүгө макулдук берилсин.
- Ижара акыдан түшкөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жагы Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебине тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММИге, облустук юстиция башкармалыгына.