НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН
№ 9 ТОКТОМУ
20-декабрь 2018-жыл Нарын шаары
Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү жөнүндө
Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча калдыгынын эсебинен «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине» жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча-каражатынын калдыгын эсебинен төмөндөгү мекемелерге акча каражаты бөлүнүп берилсин:
- Нарын шаарын жаңы жылга карата жазалгалоо иштери үчүн «Таза-Нарын» ишканасына 220,0 миң сом жана шаардагы жолбун иттерди, мышыктарды атууга 100,0 миң сом,
- Нарын шаардык мэриясына Нарын шаарынын калктуу конуштарынын план-схемасын түзүү жана турак-үйлөрдүн тизмесин чийүүгө 45148 сом;
- Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасына 5 аймактык бөлүмгө элекр жылыткычтарын алууга 21,6 миң сом, облустан тышкары соттук иштерге катышуу иш сапарына 20,0 миң сом;
- Нарын облустук борбордук оруканасынын жаш дарыгери Ташбеков Хайруллого 9,0 миң сом;
- Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн үнөмдөлгөн эмгек акысынын эсебинен маданият үйүнүн кызматкерлерине материалдык жардам катары бир айлык өлчөмүндө 88,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
- Бөлүнгөн акча каражатын Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде чечип берүү жагы жана токтомду аткаруу КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММИге, облустук юстиция башкармалыгына.