НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХX СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ ХX СЕССИЯСЫНЫН

№ 1  ТОКТОМУ

5-февраль 2019-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн курулган турак жайды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

         

          Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесинин пункттарында «Муниципалдык менчикке өткөрүп берүүчү мамлекеттик менчик объекттерин кабыл алуу жергиликтүү Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт» деп көрсөтүлгөн. Бирок Нарын шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган турак жайдын курулуш иштери толук кандуу бүтпөгөндүгүнө байланыштуу депутаттардын талкуусунан кийин, маселе сессияга катышкан депутаттардын жалпы колдоосуна ээ болбогондуктан Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы А.Калыков көчөсүндөгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган 2 кабаттуу, 10 батирлүү, 1 (бир) бөлмөдөн турган турак жайдын Нарын шаардык мэриясынын жумушчу тобу тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюу жана иш кагаздарды мыйзамга ылайык тартипке келтирүү иштери жүргүзүлгөнгө чейин муниципалдык менчикке алууга макулдук берилбесин.
  2. Мыйзамсыз кирип алган жарандардын жана мамлекеттик кабыл алуу актысынын мыйзамдуу жагын тактоо максатында сессияга катышкан депутаттардын атынан шаардык прокуратурага кат жөнөтүлсүн.
  3. Комиссиянын курамын кайра карап чыгуу, кызыктар тараптарды комиссиянын курамынан чыгаруу, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын турак жайы, жери жок экендигин тастыктаган иш кагаздарын, кезекке туруу боюнча тизмесин тактоо, ирээтке келтирүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

Добавить комментарий