НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXI СЕССИЯСЫНЫН № 2\1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХXI СЕССИЯСЫНЫН

№  2\1 ТОКТОМУ

  26-февраль  2019-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

             Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз  Республикасынын  Бюджеттик кодексинин» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 9404,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
  3. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин буйруктары менен берилген 1097,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
  4. Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын планына Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча берилген 6712,0 миң сом планы бекитилсин.
  5. Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

           

 Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга мэрияга, КР финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.

 

2-1-тиркеме_2018-ж. жергиликтүү бюджетинин киреше ж-а чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү

Добавить комментарий