НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXI СЕССИЯСЫНЫН
№ 2\1 ТОКТОМУ
26-февраль 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
- Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 9404,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин буйруктары менен берилген 1097,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын планына Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен кошумча берилген 6712,0 миң сом планы бекитилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга мэрияга, КР финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.
2-1-тиркеме_2018-ж. жергиликтүү бюджетинин киреше ж-а чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү