НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ I I I СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                                                 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                                                          

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  I I I СЕССИЯСЫНЫН

№    3 ТОКТОМУ

1-февраль   2017-жыл                                                                                                                                          Нарын шаары

Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык       Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу  жана жер пайдалануу» комиссиясынын  сандык курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы  №571 « Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттаы жөнүндө» типтүү Жобону бикитүү тууралуу токтомунуна ылайык  Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин  оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында    Нарын шаардык Кеңешинин  IV чакырылыштагы депутаттары жаңы шайлангандыгына байланыштуу,  Нарын шаардык мэриясынын 21.01.2017-жылдагы № 03\158  сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                             ТОКТОМ   КЫЛАТ

1. Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин  оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды  берүүдө , Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу   жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын алдындагы  жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун  жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча  комиссиянын  13  адамдан турган сандык курамы бекитилсин. (курамы тиркелет).

 

2.Нарын шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин ижарага , сатууга жана жеке менчик  турак  жай курууга берүүдө Жобого  ылайык иш алып баруу   түзүлгөн комиссиянын төрагасына   жана курамына милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин алдындагы« Муниципалдык менчик,   жер,     турак жай,     коммуналдык тейлөө,    архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча»  туруктуу комиссиясына , шаардык мэриянын биринчи вице-мэри  А.Сурановго, шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчилигине  тапшырылсын.

 

 

   Төрага                                                                                               Ж.Ботоканов    

Жөнөтүлсүн : иш кагазга, шаардык мэрияга, ММДне, шаардык архитектурага, жерге жайгаштыруу башкармалыгына      

 

Добавить комментарий