НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXVII СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ 

КЕЗЕКСИЗ XXVII  СЕССИЯСЫНЫН 

№2 ТОКТОМУ 

 

24-ноябрь  2023-жыл                                                                                                                                                                             Нарын шаары

 

“Нарын өндүрүштүк” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын   45-беренесинин, Нарын шаардык мэриясынын Уставынын 3.7 пунктунун негизинде, Нарын шаардык мэриясынын 2023-жылдын 13-ноябрындагы №01-15/235 сунуш катына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча”, “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча”, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын А.Молдоев көчөсү №172 дарегинде жайгашкан цехтерге өзүн-өзү каржылаган чарбалык эсептеги “Нарын өндүрүштүк” муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
  2. Ишкананын иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келтирүү, Уставда каралган иштерди жүзөгө ашыруу Нарын шаардык мэриясына, “Нарын өндүрүштүк” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, өндүрүштүк ишканасына, ММИге.

Добавить комментарий